• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы… ТЭЦтеги ТВЕАнын 600 $лык аттиштери алтын кесеби?! Депутаттык комиссия чарчап баратат…  Бабановчулар “Мандат-гейт-2” оюнун башташты…

13 Жалган куран 2018 22:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.03.2018. Govori.TV

Бишкек ТЭЦнин модернизациясы ансыз да акыркы айларда негизги маселе болуп турган чакта, бүгүнкү бир жаңылык бүт кыргызстандыктарды кулагы менен тик тургузду. Тагыраагы, таң эрте Govori.TVга маек бергени келген Бишкек ТЭЦинин мурдагы директору, авариядан кийин мыйзамсыз түрдө кызматынан четтетилген Нурлан Өмүркул уулу бүйүр кызыткан кептерди айтты.

Ал сөз арасында кечээки жалпы суммасын бөлө келгенде ар биринин баасы 14 500 долларга жеткен видео-камералар тууралуу айтып жатып,  “модернизация боюнча кеткен каражаттар боюнча документтерди карасаңар жөнөкөй эле аттиштин (плоскогубцы) баасы 600 доллар деп көрсөтүлгөн жерлер жүрөт. Бул деген кеткен чыгымды эптеп толтуруу дегенди билдирет. Алар а дегенде 386 млн. Доллар деп бааны аныктап алышкан жана дароо буга макул болгон компанияны табышкан. ТЭЦтин модернизациясы эрежеден башка нукта жүрүп, эч кандай техникалык-экономикалык негиздемеси, долбоору жок салынган. Ошондуктан, аталган сумманын ордун табыш үчүн бааларды кубалап койо беришкен”,-деп чыркыраган чындыкты бүт коомчулукка коркпостон угуза айтты. Көрсө, Нурлан мырза ТЭЦте жыйырма жылдан бери иштеп келе жатканы менен эч кандай ыплас иштерге аралашпай, пара албай, коррупцияга катышпай, арты таза болгондуктан, чындыкты айтуудан кенедей да коркпосу анык болду.

Бүттү, ушул кабардан кийин бүт коомчулуктун көңүлү 600 долларлык же болбосо кырк миң сомдук аттишке бурулду да калды. Колго кармалып, көз менен көрө турган кенедей буюмдун баасы 60 сом болгон күндө деле 600 деп жазышып, ары жагын сол чөнттөккө солошкондо деле аш болмоктур. Бирок, аны 60 доллар эмес, 600 доллар деп балооо бул мамлекетти карактоо, элдин жон терисин тирүүлөй сыйрып алуу эмеспи?! Эртең ушул чиновниктердин ичип-жегенин муундан-муунга чейин карыздар болуп, шордуу кыргыз төлөөрү анык…

Депкомиссиянын деми сууп баратат

Бүгүн, Жогорку Кеңеште ТЭЦтеги авариялык абалды иликтеген депутаттык комиссиянын 5-отуруму орун алды. Бул жолу деле баягы эле Айбек Калиев, Узак Кыдырбаев баштаган энергетиктер менен суроо-жооп алмай уланып, андан соң депутаттар Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы кытайлык ТВЕАнын каражатына курулган орто мектеп менен таанышып кайтышты.

Ооба, мектеп абдан кенен жана мыкты салыныптыр. Сөз жок. Анын үстүнө аталган конушта калк ушунчалык жыш жайгашкан экен, мектепте 1-класста эле 400 бала окууру анык болду. Бирок, бир маселе бар. Буга чейин энергетиктер бир айтып бир койбой, ТВЕА компаниясы ТЭЦтин аркасы менен Бишкекке бекер мектеп салып бергенин айтып, алкышын түгөтө албай жатышкан болчу. Көрсө, ТВЕА мектепти толугу менен бүтүрүп бербептир. Андагы долбоор боюнча мектеп бир кабаттан жана жеңил конструкциядан курулуп, калдыркан имаратка айланып калмак экен. Ошондуктан, Бишкек шаардык мэриясы жергиликтүү бюджеттен 104 миллион 395 миң сом бөлүп, буга кытайлыктар берген 2 млн. доллар кошулуп, ошону менен араң мектеп курулуптур. Андан да кызыгы, кытайлыктар акча берээрдин алдында курулушчуларды өздөрү тандоо укугун алышып, алар тандаган компания ишти баштабай илээлете бергенден кийин, экинчи курулуш компаниясы жалданыптыр. Бирок, бетон-сөөктү тургузуп жаткан маалда бул “Глав-Строй”  компания да кол шилтеп чыга берип, андан соң үчүнчү “Айкөл-Строй”  компаниясына курулуш иштери жүктөлгөн экен. Булар мектепти ишке киргизгенге чейин алып келип беришкени менен учурда ИИМ, прокуратура органдары алардын үстүнөн негизсиз иш козгоп, ошонунан айынан бул компания 7 млн. сомдой каражатты мамлекеттен ала албай жүргөнү маалым болду. Кыскасы, сыдыргыга салгандай иш жок, кайда барба акчага чалынасың…

Ал эми депутаттык комиссиянын маанайына келсек, депутаттар кадимкидей чарчап калышты. Суроолор үч кайтара берилсе да энергетиктер бири-бирине түртө салып, конкреттүү жооптор жок болуп, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган экстердин армиясы тоготуп келбей, орчундуу суроолордун баары эле ТВЕА деген “ажыдаарга” барып такалып кала берди. Ошондон улам эми депкомиссия өздөрүнчө отурум жасап, жыйынтыктоого келе турган болуп калышты. Ошондо депутаттык комиссиядан көптү үмүт кылып отурган элдин ындыны өчөбү?

Албетте, депутаттар ТЭЦти модернизациялоонун артыкбаш чыгымдары, коррупциялык схемалар, авариянын келип чыгышына негизги себептерди ташка тамга баскандай эле жазып, корутундуга кошушат. Бирок, андан эмне пайда? Корутундунун этегине “КРнын Башкы пркуратурасы, Экономикалык Кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ТЭЦти модернизациялоо боюнча долбоордун айланасындагы каржылык-укуктук мыйзам бузууларга укуктук баа берсин” деп жазып, мунун көпчүлүк колдоп, токтомду токуп берди дейли. Андан ары иштин жылып кетээрине, буга Президенттин кызыкдар болуп чыга келишине кимдин көзү жетет? УКМК авария болгон күндөн тарта ТВЕАны коргоп жүргөнүн болсо уккансыңар…

Бабановчулардын “мандат-гейт” оюну кайра башталды.

2015-жылы, парламенттик шайлоонун астында “Республика-Ата-Журт” партиясынын талапкерлери “эгер тийиштүу добуш ала албай калсам, мандаттан баш тартам. Эгер мандаттан баш тарпасам балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын деп карганган эле. Алардын арасында жеке ишкер  Болот Дыйканбаев дагы биринчилерден болуп карганыптыр.  Бүгүн болсо ал партиялашы Фархад Иминовдун мандатын тапшырганынан улам, талапкердик тизме боюнча ЖКга депутат болуп келейин десе, БШК “дорогой, билген жагыңа барагой, мандаттан баш тартып арызыңды жазбадың беле?!” деп айдап жолго салыптыр.

Ал ачуусуна чыдабай, актоочусу менен бирге маалымат жыйынын өткөрүп, эч кандай арызга кол койбогонун, муну экзпертиза да тастыктап жатканын, бирок, БШК мандат бербей жатканын жарыялады. Бирок, партлидер Өмүрбек Бабанов болсо саясаттан кеткен, ордунда калган Руслан Казакбаев болсо арызды ким жазып ким кол койгонун билбестигин айтыптыр. Айласы куругуна талапкер “3000ден ашык добуш алып депутат болбой жүрөм, 1000 добуш алгандар «каргыш” урбай эле парламентте отурат. бул мыйзамсыз, менин атыман ким кол койгонун БШК таап, жазасын колуна берсин, мандатымды бергиле”,-деп айгай салууда.  ишкекте сегиз жаштагы кыздын катуу сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Баштапкы маалыматтарга караганда, ал өгөй энесинен запкы көргөн.

Өгөйдөн өлөөрчө токмок жеген секелек…

Деги адамдар эмне болуп, акыл-эстен ажырап баратат белгисиз… Бүгүн, Бишкекте көк ала койдой сабалган 8 жашар секелектин тасмасы интернетте пайда болуп, коомчулукту ичиркентти.  Ооруканадагы дарыгерлерге жалдырап “Эже, мага жардам бергилечи, апам коркутат. Колдорум аябай ооруп атат, буттарым, башым дагы…”,-деп ыйлаган кызды карап отурууга мүмкүн эмес. Анын жанында тасмага тартып жаткандардын айтымында, сегиз жаштагы кыз аларга өгөй энесинен буга чейин да катуу токмок жеп келген, бул ирет отургуч менен чаап, башына чөмүч менен урганын айтып берген.

Ал эми дарыгерлердин айтымында, сегиз жаштагы секелек денесинен жана башынан жараат алып, 11-мартка караган түнү Бишкектеги №3 балдар ооруканасына «Тез жардам» менен жеткирилген. Башкы дарыгер Даниярбек Шайбеков “Келгенде абалы оор болчу. Бизге «өзүнүн эле туугандары уруп койду» деп алып келишкен. Ошол өздөрү жашаган жерге милиция барып, «Тез жардам» чакырып, анан бизге алып келишиптир. Келгенде мээси чайкалып, денеси көк ала болчу. Баланын азыркы абалын орто десек болот»,-деп билдирет.

Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев бул окуяны өз көзөмөлүнө алганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Акыйкатчы институту сабалганы кабарланган кыз тууралуу маалыматтарды тактап жатат. Ага ылайык, кыздын үй-бүлөсү үч ай мурун Маевка конушуна көчүп келген экен. Үй-бүлөдө атасы, иниси, өгөй апасы жана эки аталаш сиңдиси жашайт. Кыздын атасы курулушта иштеп үй-бүлөсүн баккан. Ал эми кыздын өз энеси дайынсыз жоголуп кеткенине эки жыл болуптур.

Кыскасы, Кыргызстандагы бийлик башчылар тигинтип, аттишти 600 долларга баалап, ири долбоорлорду карызга акчалар менен ишке ашырып, сырткы карызды калыңдатуунун үстүндө катуу иштеп жатышат. Ал эми коомдо болсо аялдарга, жаш балдарга болгон зомбулук күчөгөндөн күчөп баратат…

 

 

Количество просмотров: 32