• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы. ТИМдеги “мыйзамсыз” тапшырмалар. ЖКдан 30 миң доллар жоголду… Абактагы ачкачылык кармагандар араң жан жатышат…

9 Бирдин айы 2018 20:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 09.02.2018. Govori.TV
Мыйзамды талап кылган мыкты элчи
Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан өзү түздөн-түз баш ийген КРнын Тышкы иштер министрлигин мыйзамсыз тапшырмалары үчүн айыптап чыкты. Ал а дегенде фейсбук баракчасына ТИМден келген каттын көчүрмөсүн жарыялап, анда министрлик элчиликтердин функциясына кирбей турган тапшырмаларды бергенине нааразы экенин айткан. Мындан кийин айрым маалымат булактары “элчи Кореядагы кышкы олимпиадага катышканы барган спортчуларды тосуп алууга нааразы экен” дегендей маалымат жазышкан соң, Кылычбек Султан жарыялаган ТИМдин каты спортчуларга тиешеси жоктугун, ал кат Түштүк Кореяга окуу үчүн келе жаткан офицерлерди тосуп алуу боюнча мыйзамсыз кат экенин айтты.

-«Фейсбуктагы каттын олимпиадага келген спортчуларга тиешеси жок. Ал кат жакында келе турчу офицерлерди тосуп алууну уюштуруу боюнча кат. Официалдуу делегация эмес. Кыргызстанда депутаттар дагы элчиликтер тосуп алып узатуучу кызматка айланганын айтып жүрүшпөйбү. Макул, ал балдар жакыр үй-бүлөнүн балдары болсо тосуп алабыз. Бирок, барын эле тосо бергидей элчиликтин кызматы ал эмес да. Бул мыйзамсыз кат. Мен мыйзамсыз буйруктарды аткарбайм, министрликке айттым»,-деди дипломат.
Элчи Кылычбек Султан элчиликтин кызматкерлерин ишинен алагды кылган мындай мыйзамсыз тосуп алуулар Малайзияда элчи болуп турганда да болгонун 24.kg агенттигине айтып берген.
-«Бир жолу Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин кызматкерлерине Конституциялык палатанын төрагасын тосуу керек болуп калды. Эртең менен ал кайра учуп кетиши керек экен. Ага мейманканага жатууну сунушташса, судья түнкү Куала-Лумпурду жана эгиз мунараларды көргүсү келген. Элчиликтин айдоочусу аларды тосуп алып, түнкү Куала-Лумпурду кыдыртып, анан эртең менен аэропртко жеткирүүгө мажбур болгон».
Тышкы иштер министрлиги болсо офицерлерди тосуп алуу боюнча Түштүк Кореядагы элчиликке жөнөтүлгөн «шашылыш» кат боюнча кийинчерек маалымат беришерин айтты. Ал аңгыча элчи өзү дагы ТИМ министри Эрлан Абдылдаев менен +кмөт башчы Сапар Исаковго министрликтин ичиндеги “атайылап жалган маалыматтарды чыгарган” кызматкерлерге чара көрүүсүн өтүнүп кат жолдоду.
Абакта ачкачылык кармагандар араң жан…
Кургак ачкачылык кармап жаткан саясатчылар Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Эрнест Карыбековдун абалы оорлоп кеткендигин, алардын саламаттыгы кылдын учунда тургандыгын  адвокат Марс Кыдыкбаев ММКларга бүгүн кечинде билдирди. “Бир туугандары, жакындары жана тарапкерлери суранса да болбой, ачкачылыгын улантууда. «Кургак ачкачылык». Болгону дарыгерлер глюкоза, дары берип эптеп кармап турушат. Азыр алардын абалы өтө оорлоп кетти, өзгөчө Бектур Асанов кыйналып калды. «15-февралдан баштап уколдон, дарыдан да баш тартабыз» деп жатышат. Талабы ошол эле — УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылып жатышат. «Ал кетмейинче ачкачылыгыбызды токтотпойбуз, өлсөк — өлөбүз» деп жатышат»,-деген ал Азаттыкка маек берип жатып.

Ал эми коомдук активисттер, ал тургай тажрыйбалуу юристтер дагы мындай акцияга бийлик көңүл бөлүп, реакция кылуу керектигин билдиршүүдө. Мисалы, мурдагы Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов мындай учурларда бийлик башындагылар алардын абалын сурап, талаптарын угуп, эки тараптуу макулдашууга барып, жумшартууга аракет жасап келгенин, азыркы бийликтин эч нерсени укпаган-көрбөгөн сыяктуу мамиледе турушу демократиялык жолдогу өлкөнүн аброюна шек келтирээрин билдирген. Абактагы Бектур Асановдун жубайы болсо жолдошунун операция болгонуна карабай, үй-бүлөсү менен жолуктурбай жатышканына тынчсызданып жатат. Абактагы ачкачылык кармагандар Жогорку Кеңешке да кайрылуу жолдошту, бирок, төрага Дастан ЖУмабеков бул боюнча эч бир реакция кыла элек…
Жогорку Кеңештен 30 миң доллар жоголду…
Бүгүн, Жогорку Кеңештин эларалык иштер боюнча, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров УКМК тарабынан камакка алынды. Башкы коопсуздук органынын маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун билдиришинче, аппарат кызматкери каржылык мыйзам бузууга барганы аныкталган. “ Жогорку Кеңештин бөлүм башчысына карата Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси («Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу»), 350-беренеси («Документтерди жасалмалоо») менен кылмыш ишин козгоду. Бул боюнча парламенттин иш башкармалыгы «2 миллиондон ашык сом жоголду» деп арыз жазган. Текшерүүнүн жүрүшүндө бөлүм башчы УКМКнын тергөө абагына киргизилди, — деди ал.

Ал эми иштин чоо-жайына келсек, КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын 30 миң доллар акчалай сыйлыгын Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров 2017-жылдын сентябрь айында колуна алган. Бирок, ал бул каражатты аталган ассамблеяга которулду деген жалган документтерди топтоп, акчаны өзү  кымырып алган. Кийин, Жогорку Кеңештин аппарат башчысы муну ассамблеянын эсеп-кысап бөлүмү менен тактаган соң акчанын дайыны билинип, ал укук коргоо органдарына кайрылууга аргасыз болгон.
Артыковго үмүт арталы
Кыргызстандык оор атлет, 2016-жылы “Рио-де-Жанейрододо өткөн Дүйнөлүк олимпиадада коло байгеге ээ болгон Иззат Артыков 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өтө турган Азия оюндарына катышат. Бул тууралуу бүгүн белгилүү болду. Бул албетте, жалпы кыргызстандыктар күтүп жаткан жакшы жаңылыктын бири десек болот.

Анткени,  2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимп оюндарында Иззат Артыковдун канында тыюу салынган стрихнин дарысы чыкканы тууралуу кабарлардан кийин Спорт боюнча эл аралык арбитраждык сот Артыковду эки жылга ири мелдештерден четтеткен. Ал эми спортчу жана анын машыктыруучулары бул кине жаңылыштык болушу мүмкүндүгүн айтып келишет.
Количество просмотров: 12