• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Жолдошбаев уяттуу кишиге айланганда… Касымалиева Калиевдин калтасына кызыкканда…

1 Бирдин айы 2018 18:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.02.2018.Govori.TV

Кыргызстанда февралдын биринчи күнүндө эле маанилүү бир топ окуялар болуп өттү. ТЭЦтеги абал боюнча Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды, Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга расмий сапар менен аттанып кетти, Дөө Чыңгыз деген кримавторитет эки жумалык «сейилдөөдөн кийин» кайрадан абакка барып отурду.

Бирок, күндун эң көп талкууланган жаңылыгы депутат Камчыбек Жолдошбаевдин маршрутка менен жүргөн депутаттарды көрүп уялып жаткандыгын, андыктан депутаттарга кызматтык автоунааларды кайтарып берүү боюнча демилгеси болду.

Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири Камчыбек Жолдошбаевдин бул сөзү кескин сынга алынып жатып калды. Бирок, депутаттын сөзүндө да чындыктын үлүшү бар экендигин айта кетпесе болбойт. Ал эми Камчыбек Жолдошбаевге социалдык тармакта ал жөнүндө эмне деп жатат маанилүү эмес сыяктуу. Тескерисинче депутат мырза ошондой сын пикирлерден «маашырланып» кийинки жолу эмне деп ооздорун ачырсам деп жатса керек.

Жаш бирок баш болгон Калиевдин калтасында канча акча бар?

Премьер-министр Сапар Исаков арызын кабыл албай койгон Улуттук энергохолдинг ишканасынын жетекчиси Айбек Калиевдин айлыгы 39 миң сом. Бул тууралуу ал 31-январда ТЭЦтеги абал боюнча Жогорку Кеңеште депутат Аида Касымалиеванын суроосуна жооп берген.

Мындан улам Kaktus. media сайты премьер Исаков парламентте төшүн тосуп коргогон чиновниктин айлыгы менен декларациясын слыштырып көргөн. Бирок, ал декларацияны айларга бөлө келгенде Калиевдин айлыгы 39 миң эмес, 89 миң болуп чыккан.

Айбек Калиев өкмөттөгү эң жаш жетекчилердин бири. Ал болгону 34 жашта. 2005-жылы Исхак Раззаков атындагы техникалык университетти инженер-электрик адистиги боюнча аяктаган. Мамлекеттик кызматтын 2-даражадагы кеңешчиси деген чини бар.

Биографиясындагы эң кызыктуу жери 2009-жылдын ноябрь айынан баштап 2010-жылкы революцияга чейин Максим Бакиевдин агенттигинде эксперт болуп эмгектенген.

Айбек Калиевдин декларациясы менен Кактус медиа сайтынан бул шилтеме аркылуу тааныша аласыз.

Жумабеков Исаковду эмнеге коргойт?

Спикер Дастан Жумабеков кечээки парламент жыйынын кызыктай алып барган. Өкмөт башчыны коргоого алып, кээде өзү да жооп берип ийип жатты. Бирок, Дастан Жумабеков өткөн чакырылыштын депутаты кезинде кытайлык ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн келишимди сындаган саналуу депутаттардын бири болчу. Ал эми кечээ кезеги келип, сын айтса Жумабеков айтсын болуп турчу мезгилде өкмөт башчынын адвокаты болуп алганы кандай?

Бүгүн Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев спикер Дастанбек Жумабеков өкмөт башчыны коргоого аракет кылып, парламенттин аброюна шек келтирип жатат деп сындады. Мындай пикирин 1-февралда жалпы жыйында сүйлөп, 31-январь күнү Бишкектеги Жылуулук борборуна байланыштуу маселе каралып жатканда өкмөттү сындаган депутаттарга парламент төрагасы комментарий берип, бир канча жолу премьер-министрге сын айттырбаганга аракет кылганын белгиледи:

— Мурун да спикерлер өкмөт башчыга каршы болгон эмес, бирок позициясын парламентке таңуулабай, калыс алып барчу. Ошондо парламенттин бедели өсчү. Менин эсебим боюнча төрага 8-9 жолу премьер-министрди колдоп, комментарий бергени мени таң калтырат. Сыртта бир миллион эле суукта калып турса. Биз премьер-министр менен иштешибиз керек. Бирок ачыктан-ачык колдоо парламенттин кадыр-баркына шек келтирет.

Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү бул боюнча шаршемби күнү Жогорку Кеңештеги жыйынга чакырылган.

Сууктун күнү Казарманда митинг

Кыргызстан кендерге бай деп мектептен окуган менен кендердин пайдасын эл көрбөй келет. Ошондой алтындан пайда таппаган аймактардын бири Тогуз-Торо району. Сууктун күнү эл митингге чыгып жаңы салынып жаткан алтын тазалаган заводдун иштетишине каршы митинг өттү.

Бүгүн, 1-февралда Тогуз-Торо районунда былтыркы жылдын сентябрь айынан тарта курулушу башталган «Джи Эл Макмал Девелопинг» чакан заводунун курулуп жатканына нааразы болгон тургундар митингге чыгышты.

Маалым болгондой, жаңыдан курулуп жаткан завод июнь айында ишке киргизүү пландалып жатат. Алтынды ылгап алуучу завод айына 165 кг алтынды ылгап алуу мүмкүнчүлүгү бар экени айтылууда.

 

Количество просмотров: 19