• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Абылгазиевдин сынына кылы кыйшайбаган Кудайбердиева

28 Баш оона 2019 18:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.08.2019.Govori.TV.

2019-2020-окуу жылына карата жалпы билим берүүчү уюмдардын даярдыгынын жүрүшү талкууланган Өкмөттүн жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө мектепке чейинки даярдоо программалары менен камтууну 40% га чейин жогорулатуу; 5-7-класстарда англис тилинин сааттарынын санын көбөйтүү; 2018-2019-окуу жылында республика боюнча жалпы республикалык тестирлөөнүн баллдарынын орточо эсеби (62,2 %) 2017-2018-окуу жылына караганда 4,8 % га жогорулашы боюнча маселелердин оңдуу динамикасы белгиленди. Ошону менен бирге Билим берүү жана илим министрлигинин бир нече багыт боюнча ишинин жетишсиздиги көрсөтүлдү. Анын ичинде мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүн мамлекеттик социалдык буйрутма жана «Китепканалардын базасында баланы өнүктүрүү борбору» долбоорлорун ишке ашыруу; максатсыз пайдаланылган бала бакчаларды кайра кайтарып алууда министрликтин кызыкчылыгынын жоктугу; окуу-методикалык комплексттерин иштеп чыгуу боюнча алдын ала пландоо жоктугу мектеп китептерин басып чыгуу үчүн жыл сайын республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар натыйжасыз пайдаланууга алып келгендиги айтылды. Премьер-министр Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча тутумдуу жана комплекстүү иштерди жүргүзүүсү, китептерди жана башка басылмаларды сапаттуу чыгаруусу зарылдыгын белгиледи.

Количество просмотров: 34