• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Айрым аймактардын аты өзгөрөт. ЭлТР менен ПолитКлиниканын арыздашуусу сотко жетти

22 Бирдин айы 2023 18:11 Бишкек Govori.TV

АЙРЫМ АЙМАКТАРДЫН АТЫ ӨЗГӨРӨТ

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйында айрым айыл-райондордун аталышын өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, жыйынтыгында каттодон өткөн 74 депутаттын 68инин колдоосу менен кабыл алынды.

Мыйзамга ылайык, мындан ары Кара-Буура району Чыңгыз Айтматов району, Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагы Ормонхан айыл аймагы, Кара-Буура районундагы Чимгент айылы Чолпонбай айылы, Ноокат районундагы Борбаш айылы Кайрагач айылы деп аталат.

Мыйзам долбоорун Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров демилгелеп, буга чейин парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде колдоо тапкан.

ЭЛТР VS ПОЛИТКЛИНИКА

Күчүнө кирген «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө мыйзамдын негизинде көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын жабуу аракети жүрүп жатат. Алсак, «Азаттыктын» сайты бөгөттөлүп, «Клооп» эскертүү алып, «24.kg» сайтын чектөө болду. Кечээ жакында мамлекеттик ЭлТР телеканалы «ПолитКлиниканы» сотко берип, моралдык зыян катары 10 млн сом талап кылууда. Сотко кайрылууга «Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес» дегени калп» аталышындагы материалы себеп болгон.

ТҮРКИЯГА ЖАРДАМ

Бүгүн, 22-февралга карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 61 млн 50 миң 775 сом жана 15 миң 250 рубль түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында силкинүүлөр орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

БУУнун эксперттеринин маалыматына ылайык  Түркиянын түштүгүндөгү жер титирөөдөн болжол менен 1,5 млн адам үйсүз калган. Алар үчүн кеминде 500 миң жаңы үй курулушу керек. Түркиянын ӨКМинин маалыматына ылайык, жер силкинүүдөн каза болгондордун саны 42 миң 310 адамды түзүп, 448 миң 18 адам эвакуацияланды. Акыркы күндөрү болгон жер титирөөдө алты адам көз жумуп, 562 киши жабыркады.

 “АЛА-ТВНЫН” НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ КАРМАЛДЫ

«Ала-ТВ» компаниясынын негиздөөчүсү Артур Халдаров алдамчылыкка шектелип Бишкектин тергөө абагына камакка алынды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренесинин негизинде иш козголуп, териштирүү жүрүп жатканын 22-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Мекеменин маалыматына караганда, арызданган адам Халдаров аны 103 миллион сомго алдап кеткенин билдирген.

Халдаров эки жыл мурда дагы бир иш боюнча айыпталып, 280 миң сомдук айыпка жыгылган. Буга 2020-жылдын май айында мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык «Скай Мобайл» компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганы боюнча кылмыш иши негиз болгон.

Жаңы айыптоо боюнча ал өзү же жактоочулары комментарий бере элек.

АКЧА ОПУЗАЛООГО ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

Бишкекте опузалап акча талап кылууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. 2023-жылдын февраль айында 39 жаштагы жаран ички иштер органдарына Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунан күч колдонуу менен коркутуп акча талап кылган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнүп кайрылган. Ага кол салгандар өздөрүн кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүбүз деп тааныштырып, күч колдонуп 4000 АКШ долларын талап кылышкан.

Бул факты боюнча Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «Опузалап талап кылуу» менен иш козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кармалган шектүүлөрдөн мурда белгиленген 25 000 сом акча каражаты табылып алынган. Алар мурда оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Нарын облусунда 1991-жылы туулган жана Жалал-Абад облусунда 1993-жылы туулган жаран экендиги аныкталган. Учурда аталган кылмыш иш боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 577