• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Интернетте жана ЖМКда жалган маалымат тараткандарга айып салына баштайт

11 Теке 202511:23 Бишкек Govori.TV

Интернетте жана ЖМКда жалган маалымат тараткандарга айып салына баштайт. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Жогорку Кеңеш аталган мыйзамды 18-июнда кабыл алган.

«ЖМК же интернет аркылуу коомдук тартипти, жарандардын же уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же болбосо коомдун, же мамлекеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын бузганы үчүн» фейк маалыматтарды тараткандарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салынат.

Количество просмотров: 194