• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ата-баланы аткан жаран кармалды. Түптө «өзгөчө кырдаал» кирди

3 Баш оона 2023 18:06 Бишкек Govori.TV

ЖЫРГАЛАҢ ИШКЕ КИРДИ

Ысык-Көл облусунда 12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жыргалаң көмүр кенинин иши менен таанышты.

Таанышуу учурунда бул кен 12 жылдан ашуун убакыттан бери иштебей турганы, бирок 2022-жылдын жаз айларында өлкө Президентинин тапшырмасына байланыштуу иш жанданганы жана Каракол шаарын жана ага жакын аймактарды кыш мезгилинде көмүр менен камсыз кылаары айтылды.

“Жыргалаң кенин ишке киргизүү менен Кара-Кече кениндеги күчтү кыскартууга, ошондой эле Кара-Кече кенинен Каракол шаарына жана ага жакын аймактарга көмүр ташууга багытталган каражатты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Учурда Жыргалаң кенинен суткасына 100-120 тонна көмүр чыгарылса, кышында Каракол шаарын, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун камсыздоо үчүн 12 миң тонна көмүр керектелет, буга байланыштуу бул аймактардын кара отунга болгон муктаждыгын Жыргалаң көмүр кени толук камсыздай алат”, деп жазылат маалывматта.

Кошумчалай кетсек, буга чейин ал жерде «Шахта Жыргалаң» ААК иштеген. Юстиция министрлигиндеги маалыматка таянсак, аталган ААКтын директору катары Нарынбек Байсаков көрсөтүлгөн. Ал эми анын орун басары, ачык булактардан алынган маалыматка караганда, президент Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаров болгон.

ДЕПУТАТТАРДЫН ДИПЛОМ ЧЫРЫ

Бишкек шаардык административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаиловдун мандатынан ажыратылышы боюнча арызын карап, канааттандырган жок.

Мындай чечим 3-августта кабыл алынган. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду («Альянс») диплом чырына байланыштуу 6-июлда мандатынан ажыраткан. Буга жасалма диплом маселеси себеп болгон. Эки депутат БШКнын чечими боюнча сотко арызданган.

Фарходбек Алимжановдун арызы Бишкек шаардык административдик сотунда 4-августта каралат.

Былтыр апрель айында Улуттук коопсуздук комитети Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун жогорку билими тууралуу документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген.

ТҮПТӨ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ КИРДИ

Түптөгү айылдарга өзгөчө кырдаал режими кирди. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагындагы Байзак жана Кең-Суу айылдарында түзүлгөн кырдаалды тактоо, адамдардын өмүрүн сактоо жана авариялык куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында айыл аймагынын башчысынын 3-августундагы №66 буйругунун негизинде аталган айылдарга «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилди.

«Бүгүн таң эрте сел суулары каптаган 38 үйдү тазалоого кошумча күчтөр тартылган. ӨКМден 3 экскаватор жеринде тазалоо жумуштарын аткарып жатышат»,-деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын райондорунан 62 аскер кызматкер жана жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматынан 50 адам тазалоо иштерине чыгышкан.

 ЖОЛ КЫРСЫКТА 9 АДАМ ЖАБЫРКАДЫ

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 343-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter жана Toyota Rav 4 кагышып, тогуз адам жабыркаган. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бус 17 жүргүнчү менен Ак-Талаа районунан Бишкектин көздөй жол тарткан, ал эми жеңил автоунаа Нарынга бараткан.

Кырсыктан жабыркаган тогуз адамдын төртөө Toyota Rav 4 (айдоочу жана үч жүргүнчү) унаасында бараткан, бир жүргүнчү реанимация бөлүмүндө жатат. Ал эми алган 5 адам бустун жүргүнчүлөрү болгон. Айдоочу жана эки жүргүнчү ар кандай жараат менен ооруканага жаткырылган, дагы экөө реанимацияда.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү амалдары жүрүүдө.

ЖЕЗДЕСИ КАЙНИСИН АТЫП САЛДЫ

Кадамжайда жер талашып жездеси кайнисин жана анын баласын атып салды.

 Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 2-августта саат 18:30 чамасында «102» кызматына Чаувай айылында жер талаштан улам эки адам октон жараат алганы, анын бири ошол жерде каза болгону кабарланган.

Жер талаштан улам чыр чыгып, шектүү 49 жаштагы кайнисин жана анын 22 жаштагы уулун белгисиз ок атуучу курал менен атып жиберген. 49 жаштагы жаран денесинен алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон, ок анын сол жак колуна тийген. Ал эми анын уулу Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген, ок анын оң жак желкесине тийген.

Факты Кадамжай РИИБине катталып, шектүү үйүнөн кармалып, бир даана ок атуучу сайсыз куралы беш огу менен тергөө кызматына камсыз болгон.

Соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди.

СОЙКУКАНА УЮШТУРГАНДАР КАРМАЛДЫ

Сузакта кардарларга сексуалдык кызмат көрсөтүү менен баңгизат колдонууга ыңгайлаштырылган көмүскө жай табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында Сузак РИИБге Сузак районунун аймагында Ош-Бишкек унаа жолунда жайгашкан мейманканалардын биринде кыздар кардарларга сексуалдык кызмат көрсөтүү менен баңгизат жана психотроптук каражаттарды колдонуу үчүн жай уюштурулгандыгы тууралуу кабарланган.

Бул маалымат Сузак РИИБде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде “сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү” каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

«Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ыкчам кызматкерлер тарабынан 1993-жылы туулган жаран  кармалып, ал материалдык пайда алуу максатында сойкулук менен алектенген, баңгизат жана дары-дармек каражаттарын колдонгон жайларды уюштургандыгы аныкталган»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда кармалган жаран Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 552