Бишкек.24.07.2019. Govori.TV
2019-жылдын 27-июнь күнү кол тийбестик макамынан ажырагандан бери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө тычтык жок. Анын тарапташтары корголоп үйүн штаб кылып, түнөп да жатышты. Кээ күндөрү атайын концерттер уюштурулуп, селфи-шоулор болуп, ар кыл темада лекциялар окулуп турду.
Жогорку Кеңештин добуш берүүсүнөн кийин ИИМдин тергөө кызматы сурак берүү үчүн Атамбаевге үч ирет чакыруу жеткиришти. Бирок, ал баруудан баш тартты. Жактоочусу болсо, чакыруулар мыйзамсыз экенин билдирип тиешелүү органдарга кат жазып жатты.
Ошентип, Атамбаев бүгүн Орусияны көздөй бет алды. Атамбаевди узатып тарапташтары Кантка чейин барышты. Эми мурдагы президент кайтабы жокбу, ал 25-июль кечке жуук белгилүү болот.
Атамбаевдин өлкөдөн чыгып кеткендигин ар ким ар кандай талдоодо. Орусиялык саясат таануучу, Орто Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов “Атамбаев 25-июлда кайра Бишкек учуп келет”-деген пикирин жарыялады.
Кененирээк “Күндүн ыргагы” рубрикасында