• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Атамбаев “Ата Мекен” партиясынын адвокаттары менен кайра соттошот

18 Теке 2019 18:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.07.2019.Govori.TV.

Мурдагы президентке үчүнчү ирээт тергөөгө чакыруу баракчасы келди. Өзү Алмазбек Атамбаев бул чакырууларга эч кандай маани бербей турганын айтып, ким келсе коргоонунун жолун билерин эске салган. Учурда “Мыйзамдан улуу адам жок”,- деген мамлекет башчысы, эми өзү турганына жол болсун дегендер да жок эмес. Акыркы учурлары четке чыгып келүүгө ниети бар экенин айтып эле жатат. Бирок качан кетээри туурасында маалымат жок. Күч түзүмдөрү болсо эч кандай комментарий бере элек. Ал ортодо Атамбаев “Ата-Мекен” партиясынын адвокаттары менен соттошорун да билдирип, Бишкек шаардык сотуна арызын таштаган.
Ал эми Өмурбек Текебаевдин ишин кароо 21-августка жылдырылды. Муну соттук коллегия иштин көлөмдүүлүүгү менен негиздеген.
“Күндүн ыргагы” рубрикасы…

Количество просмотров: 21