Бишкек.20.08.2019.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабановдун тагдыры татаал бойдон. Ал кечээ күнү каржы полициясында беш саат сурак берсе, бүгүн УКМКга кирди. Эки жылга чукул орусияда баш калкалап жүргөн саясатчы, мекенине августтун башында келген. Андан бери ал, жеке иштери менен алек болгону маалым. Ошондой эле, Бабанов саясатка эмес, мекенине келгенин УКМКга кирип баратып билдирди. Социалдык түйүндөрдө болсо, “Бабановдун саясаттан кетүүсү мүмкүн эмес”,-деген пикирлерин билдиришип гана калбастан мелдешүүгө киришишти. Өмүрбек Бабанов үй-бүлөсү менен кенен сагыныч жазууга шарт бергендиги үчүн бийликке ыраазычылыгын да билдирди.
Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 26-октябрга чейин камакта калды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды.