• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Күндүн ыргагы: Атамбаев өзү менен генералды сүйрөй кетеби?

14 Баш оона 201918:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.08.2019.Govori.TV.

ИИМдин мурунку орун басары Курсан Асановдун Атамбаевди баш ийдирүүдөгү эмгегин коомчулук жогору баалап, “Элдик генерал” –деп атагыча эле, премьер-министр кызматтан боштуп койду. Ошол эле күнү иш аскер прокуратурасына түшүп кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ага карата Жазык кодексинин 320-беренеси менен иш ачылды. Кечке жуук, сырдуу баштык тартылган видео тарады. Анда Атамбаевдин баалуу буюмдарды жана маанилүү делген документтери салынганы болжолдонуп, аны Асанов тергөө органдарынан жаап-жашырганы айтылууда. Бирок бүгүн Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев ал баштыкты алганын жана Атамбаевге берилгенин билдирди.

Количество просмотров: 46