• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Атамбаевди багындырган Асанов системаны багындыра албады!

13 Баш оона 2019 20:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.08.2019.Govori.TV.

УКМК, ИИМ жана башкы прокурор бүгүн бир толкунда болду. Маалымат жыйынында 7-8-августа болгон окуядан чыгуунун жолдорун жана көрүлгөн чаралар жөнүндө айтылды. Белгилүү болгондой, Атамбаевдин тарапташтарына карата 8 кылмыш иши ачылды. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Киши өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген бир нече оор берене боюнча кылмыш иштери козголду. Ал эми, «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбековду өлтүрүш үчүн атайын жүрөккө атышкан –деди Орозбек Опумбаев. Натыйжада, Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң камакка алынды. «Альфанын» бир жоокери каза болуп, жалпысынан 136 адам жаракат алган.

Количество просмотров: 30