• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: Бишкек милиция башчысы сынга калды. Митингге кайрадан тыюу салынды

3 Чын куран 2023 18:25 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТТИК АДМИНИСТРАЦИЯДА ШТАТ КЫСКАРДЫ

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен президенттин администрациясынын түзүмү жана штаттык саны кыскартылды. Кабыл алынган чечимдин негизинде айрым бөлүмдөр бириктирилип, бир катар кызматтар жоюлду. Мындан улам штаттагы 72 орун кыскарып, учурда администрацияда 259 штаттык орун калды.

Чечим иштин натыйжасын арттыруу, республикалык бюджетти туура пайдалануу максатында кабыл алынганы айтылат маалыматта.

Ошондой эле бошогон иш орундардын эсебинен аймактарды өнүктүрүү маселелерине жооптуу, чөйрөлөрдөгү иштерге талдоо жүргүзгөн бөлүмдөр күчтөндүрүлгөнү белгиленип өткөн.

БИШКЕК МИЛИЦИЯ БАШЧЫСЫН КЫЗМАТТАН АЛУУ ТАЛАБЫ АЙТЫЛДЫ

Бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алдында митинг өтүп, чогулгандар борбордун милициясынын жетекчиси Азамат Ногойбаевдин отставкасын талап кылышты. Укук коргоочу Назгүл Турдубекова милицияда адамдардын, кыздардын укугун корогон жетекчи иштеши керектигин айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Буга чейин Ногойбаев 31-мартта түз эфирдеги маалымат жыйында Бишкек шаарында зордуктоого кабылып, 5 айдан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын окуясы боюнча суроолорго жооп берген. Анда ал жашы жете элек өспүрүмдөрдүн айрымдары жыныстык катнашка өз эрки менен барып жатканын айткан.

МИТИНГДЕРГЕ ТЫЮУ САЛУУ

Бишкектин борборундагы айрым жерлерде митинг өткөрүүгө салынган тыюу 1-июлга чейин узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Мурдагы чектөө 1-апрелге чейин киргизилген, анын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу узартуу чечими кабыл алынган. Акцияларды бир гана Горький паркында өткөрүүгө уруксат берилген.

Чечимге ылайык, митингге чыгууга болбой турган жайларга «Ала-Тоо» аянты; Эркиндик проспектиси — темир жолдон Чүй проспектисине чейин; Президенттик администрациянын жана ЖК имараттарынын жаны; Панфилов паркы; Таттыбүбү Турсунбаева атындагы сквер; Жогорку Соттун; Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин жана УКМК имаратынын жаны кирген.

 “БАЛАГА СҮЙҮНЧҮ” ТӨЛӨМҮ

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында бир эле учурда үч же андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө бир жолку “балага сүйүнчү” төлөмүн көтөрүү сунушу камтылган токтом долбоору каралды. Сунушталып жаткан токтом долбоорунда  үч же андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө 500 миң сомдон бир жолку акчалай жардам берүү жазылган.

Аталган демилге Жогорку Кеңештин депутаттары Максатбек Сарбагышев, Нурбек Алимбеков жана Мирлан Самыйкожо тарабынан көтөрүлдү.

Ал эми комитет төрайымы Винера Раимбачаева өткөн жумада Бишкек шаарындагы Ак-Бата конушуна барып, жакында эле төрөлгөн төрт эмден кабар алып келгенин эске салды. “Тилекке каршы, жашоо шарттары начар. Андыктан, мындай үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп, жергиликтүү бийлик органдары да жардам бериши шарт”, – деди эл өкүлү.

Талкуу маалында жыйынга катышып жаткан тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү да сунушту колдоп, комитет тарабынан токтом долбоору кабыл алынды.

МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО

10-апрелден тарта окуучуларды 1-класска электрондук каттоо башталат.Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этап – жашаган жерине карабастан (26-июндан 31-августка чейин).

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирип, mektep.edu.gov.kg порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл.

10-апрелден тарта дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00дөн 18:00гө чейин жарандарга кеңеш берүү үчүн чалуу борбору иштей баштайт.

ЖЕРЛЕР МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ

Токмок шаарында 309 млн сомдук өнөр жайы багытындагы жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токмок шаардык прокуратурсаы тарабынан көзөмөл иретинде муниципалдык менчике жер тилкесин кайтаруу багытында Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгында текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 31,6 га өнөр жайы багытындагы жер тилкелеринде карата укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүлгөн документтери алынбай, муниципалдык менчиккке өткөрүлбөй калгандыгы аныкталган.

Натыйжада жол берилген мыйзам бузууларга карата прокурордук акты келтирилип, кароонун жыйынтыгында 309 млн 92 миӊ 760 сомго бааланган, жалпы аянты 31,6 га өнөр жайынын, транспорттун байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер Токмок шаарынын муниципалдык менчигине кайтарылды.

Количество просмотров: 188