• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Бишкекте Президенттердин парады болуп жатат…

13 Кулжа 2019 22:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.06.2019.Govori.TV.

Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин саммити башталууда. Белгилүу болгондой саммиттин ишине катыша турган мамлекеттердин башчылары борборго келип жайгашууда. Бирок, эки күндөн бери ордо калаанын көчөлөрү расмий делегациялардын кортежине толуп, көчөлөр жасалгаланып көркүнө чыккандай. Анткени, саммиттин алдында Монголиянын жана Кытай Эл Республикасынын башчыларынын расмий сапалары болуп өттү.
Ал эми бугун болсо кечке жуук маалым болгондой, Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевден экс-президент макамын алуу жана жазык жоопкерчилигине тартуу боюнча атайын комиссия түзүлдү. Анын курамына КСДПдан Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембедиев, «Республика — Ата-Журт» фракциясынан Нурлан Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов. «Кыргызстан» фракциясынан Канат Исаев, Алмазбек Токторов. «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Алтынбек Жунус уулу. «Бир Бол» фракциясынан Бактыбек Турусбеков. «Ата Мекенден» Каныбек Иманалиев.
Комиссиянын иштөө мөөнөтү жети күн.

Кененирээк “Күндүн ыргагы” рубрикасында…

Количество просмотров: 19