• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Чуу жараткан Чүйдөгү атышуу. Акыйкатчыны шайлоодо талаш жаралды

17 Бугу 2023 19:25 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ КЫТАЙГА КЕТТИ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, мамлекеттик сапар менен Кытайга жөнөп кетти.

Мамлекет башчысы сапардын алкагында «Кытай-Борбор Азия» саммитине катышат.

Ушул жылдын 18-майынан 20-майына чейин созула турган сапардын жүрүшүндө КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин жана КЭРдин башка расмий өкүлдөрү жана бизнес чөйрөсү менен жолугушуулары пландалууда.

Президентти  коштоп кеткен расмий делегациясынын курамында Биринчи айым Айгүл Жапарова жана ошондой эле Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү, Бишкек жана Ош шаарынын мэрлери да кетти.

АКЫЙКАТЧЫ ШАЙЛАНДЫ

Жогорку Кеңештин депутаттары Акыйкатчы кызмат ордуна талапкерлерди карап, көпчүлүк добуш менен Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин жактырышты.  

Добуш берүү бүткөндөн кийин депутат Гуля Кожокулова «Акыйкатчы жөнүндө» мыйзамда акыйкатчы кызматына талапкер кеминде 50 депутаттын колдоосуна ээ болушу керектиги жазылганын айтып чыкты. Ал эми депутат Адахан Мадумаров «Акыйкатчы жөнүндө» мыйзам конституциялык мыйзам экенин, эки мыйзам бири-бирине каршы келип калганда, ошол мыйзам үстөмдүк кыларын билдирди.

ЖК төрагасынын орун басары, депутат Нурбек Сыдыгалиев шайлоо процесси «Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» мыйзамга ылайык жүргөнүн, эки мыйзам тең конституциялык мыйзам эмес экенин айтты.

Белгилей кетсек, “Мекенчил” депутаттык тобу жана «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы Акыйкатчылыкка Жаманбаева Жамиля Акматбековнанын талапкерлиги сунуштаган. Ал эми Рысбеков Бакыт Токталиевичтин талапкерлигин “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы көрсөткөн.

Мындан тышкары, Кулира Кубатованын талапкерлиги Жогорку Кеңештин «Ыйман Нуру» фракциясы тарабынан көрсөтүлүп, бирок жыйында Кубатова талапкерлигин алып салды.

Эске салсак, мурдагы Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы Жогорку Кеңеш 3-майдагы жыйынында бир топ депутаттардын каршылыгына карабай мөөнөтүнөн мурда кызматынан алган. Бир катар эл аралык уюмдар парламенттин чечимин сындаган.

ЧҮЙДӨГҮ АТЫШУУНУН ЧОО-ЖАЙЫ

Ички иштер министрлиги Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында 17-майда террорчулукка шек саналган куралчан адам жок кылынганын билдирди.

Операция учурунда Дмитриевка айыл өкмөтүнүн имараты курчоого алынган. Аталган айылдын башчысынын айтымында,  атышуу эртең менен саат 6лар чамасында башталган жана имараттын ичинде жарандар болгон эмес.

Террорчулукка шектелген жаран бул айылдан ижарага үй алып, бир нече күн мурда көчүп кирген. Турак жай атайын операция учурунда күйүп кетти. Үй ээси окуяны мындай баяндады.

Атышуудан күч органынын эки кызматкери жараат алганын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматында, алардын бири амбулатордук жардам алса, жамбашына ок тийген экинчи кызматкер Улуттук госпиталга жаткырылып, операция жасалат.

УКМК МИЛИЦИОНЕРЛЕРДИ КАРМАДЫ

Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн жана Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизат менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери кармалды.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, Өзгөн РИИБнин жана Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизат менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлеринин ичинен түзүлгөн кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган.

“Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ИИМнин аталган эки аймактык бөлүмүнүн айрым ыкчам кызматкерлери карапайым жарандардан узак убакыт бою “опузалап талап кылуу” схемасын уюштурушкан, алар башка карапайым жарандарды, негизинен жаш кыздарды, коркутуп-үркүтүү жана шантаж жолу менен алардын кылмыштуу иш-аракеттерине тартышкан. Бул схема зордуктоо же баңгизатты колдонууга азгыруу фактылары боюнча кылмышка тартылган жарандардан жасалма арыз материалдарын алуудан турган. Андан ары текшерүүгө жамынып, кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуп, жабырлануучуларды “акчасын төлөп берүүгө” мажбурлашкан. Бирок иш жүзүндө текшерүү фактысын жашыруу үчүн жабырлануучуларга карата кайрылуулар процессуалдык каттоодон өткөн эмес”, — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, Өзгөн РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук тергөөчүсү жана Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизат менен күрөшүү башкармалыгынын эки кызматкери 30-апрелинде кармалгандарга карата жасалма ыкчам-иликтөө иш-чаралары, камакка алуу жана суракка алуу түрүндөгү иш-чараларды өткөрүп, маселени оң тарапка чечип берүү үчүн үч жарандан 250 миң сом алышкан.

Көрсөтүлгөн милиция кызматкерлери кармалып, тергөө абагына камакка алынды.

Количество просмотров: 200