• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Чуулгандуу парламент. Шайлоону эңсеген депутаттар, чырылдаган Карамушкина

10 Тогуздун айы 2019 20:38 Бишкек Govori.TV

Карамушкина парламентте чыр чыгарды

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча өзүнүн пикирин айтты. Карамушкина президентке кайрылып укук коргоо органдары жарандардын укугун бузуп жаткандыгын айткан, андан сырткары, Кой-Таш окуясынан кийин анын телефонун милиция тартып алып, ушул кезге чейин бере электигин билдирген.
Анын мындай кайрылуусуна депутат Айнура Алтыбаева Кой-Таштагы окуяга сот органдары баа бере турганын билдирди. Ал эми вице-спикер Аида Касымалиева Карамушкинага кайрылып, аны эки жүздүүлүккө айыптады.


«Республика — Ата Журт» азыркы курам менен алдыдагы шайлоого катышпайт

«Республика — Ата Журт» фракциясы азыркы курам менен алдыдагы шайлоого катышпай турган болду. «Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” берген маегинде бул кызматташтык майнап бербегенин айткан.
Ал эми аталган партиянын курамындагы депутат Таабалды Тиллаев “Республика-Ата Журт” фракциясы бүгүнкү күндө расмий иштеп жатканын айтып, партиянын тагдырын жалгыз адам чече албайт деп билдирди.


Бир Бол фракциясы шайлоого өзү барат

«Бир Бол фракциясы шайлоого өзү барат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов билдирди.
Анын айтымында, партия алдыдагы шайлоого толук даяр жана фракциянын катары жаштар менен кеңейтилет.

Количество просмотров: 67