• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Чыр менен кызматтан кеткен министр элчи болобу? Өлкөдө карантин күчөтүлдү

16 Жалган куран 2020 20:58 Бишкек Govori.TV

КАЛМАТОВ ЖАҢЫ КЫЗМАТКА ДАЙЫНДАЛДЫ

Анарбек Калматов Кыргызстандын президентине караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиршти. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Анарбек Калматов буга чейин Кыргызстандын бир катар аймагында прокурор болуп эмгектенген. 2010-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Юридика илимдеринин кандидаты жана юстициянын 1-класстагы кеңешчиси.

МУРУНКУ ТИМ БАШЧЫСЫ ЭЛЧИ БОЛОБУ?

Кыргызстандын Германиядагы элчисинин кызматына мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин талапкерлиги каралууда. Бул тууралуу парламенттеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү Абдывахап Нурбаев билдирди.

КОРОНАВИРУСТАН КОРГОНУУ АРАКЕТТИ

Премьер-министр коңшу өлкөлөрүбүз Казакстан менен Өзбекстанда коронавирус жуктурган учур катталганын белгиледи. Анын айтымында Кыргызстан аталган өлкөлөр менен эң көп байланыш түзөт, ошондуктан бул коркунуч бизге да жакындады. Бул тууралуу ал өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди. 

КОРОНАВИРУСТАН КОРГОНУУ АРАКЕТТИ

Премьер-министр коңшу өлкөлөрүбүз Казакстан менен Өзбекстанда коронавирус жуктурган учур катталганын белгиледи. Анын айтымында Кыргызстан аталган өлкөлөр менен эң көп байланыш түзөт, ошондуктан бул коркунуч бизге да жакындады. Бул тууралуу ал өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди. 

УНАА АЙДАП КАЧКАН КЫЗ КАРМАЛДЫ

Бишкекте унаа айдап качкан 1997-жылы туулган шектүү кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Ленин РИИБдин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, окуя 27-февралда кечинде катталып, Ахунбаев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кыз такси чакырган. Ал көрсөтүлгөн дарекке жеткенден кийин жол акысын төлөгөн эмес. Айдоочу укук коргоо органдарына телефон чалып жатканда жүргүнчү кыз унааны айдап, качып кеткен.

ТҮРКИЯДАН КАЧКАН ШЕКТҮҮ КЫРГЫЗСТАНДАН ТАБЫЛДЫ

Түркияда өсүпүрүм кызга асылган А.С. аттуу 36 жаштагы жаран Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын биринде кара жумушчу болуп иштеп жүргөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Количество просмотров: 403