Юстиция министри Аяз Баетов Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун директору болуп бир эле убакта дайындалды. Ошондой эле, жарлыкка ылайык, мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиясыздандыруу боюнча милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү координациялоо жана камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды берүү менен НИСИ директоруна 2025-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары статусу ыйгарылды. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Белгиленгендей, дайындоо президенттин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиялаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыгы менен бекитилген.
Депутат Жанар Акаев бийлик бүгүн АКШда Трамп Илон Маскка жүктөгөн милдетти Аяз Баетовго жүктөдү. Вице-премьер-министр статусун да берди, деп ал facebook баракчасына жазды.
«Мамлекеттик органдарда бюрократияны жоюп, элди жана бизнести ыкчам тейлей турган шартты түзөсүң деди. Бирин бири кайталаган мекемелерди жоюп, кабинетте уйкусурап же чымын коруп отурган кызматкерлерден арылуу тапшырмасын койду. Туура да. Акыркы 2-3 жылда эле бюджети миллиарддан кем эмес, бирок пайдасы жокко эсе мамлекеттик мекемелер түзүлүп кеткен. (Улуу Көчмөндөр Мурасы 3 млрддан ашуун каражат — жыйынтык 0, Кыргызиндустрия — 1 млрд, Туризмди өнүктүрүү — 1 млрд ж.б.) Түзбөгүлө, мамлекет шарт эле түзүп берип, ошол миллиарддарды жеке ишкерлерге берсеңер натыйжа жүз эсе мыкты болот деп ЖКдан да айтканбыз. Азыр да кеч эмес», -деп жазды Акаев.
Анын айтымында Аяз Баетов жаш, илимдин доктору, Жапонияда да билим алган, популизмден алыс.
«Жүктөлгөн милдеттен натыйжа чыгат деп үмүт кылып, ишенип турам мен. Дебюрократизацияга кол кабыш да кылабыз. Элди справка үчүн улам убара кылган, сааттап кезек күттүргөн көрүнүш тып токтошу керек», -дейт депутат.