• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Депутаттар Байсалов боюнча президентке кайрылышат. ЭлТР менен “ПолитКлиниканын” соту уланды

21 Кулжа 2023 18:35 Бишкек Govori.TV

БАЙСАЛОВДУ  ИШТЕН АЛУУ СУНУШТАЛДЫ

Парламенттин 21-июндагы жыйынында депутаттар Айбек Осмонов, Эрулан Көкүлов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун оставкасы тууралуу маселе көтөрүштү.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев  Байсалов аткаруу бийлиги Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирүүгө укугу жок экенин белгилеп, анын кызмат абалын кароого убакыт келгенин айтты.

Кечээ Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында эл өкүлдөрү менен Эдил Байсаловдун ортосунда кайым айтышуу орун алган. Депутат Эмил Жамгырчиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун ишин сындаган. Ал токтомдо көрсөтүлгөн бир дагы пункт аткарылбаганын белгилеп, Байсалов сын-пикирди туура кабыл алышы керектигин кошумчалаган. Байсалов министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана мүнөздө экенин айткан.

ЭЛТР VS ПОЛИТКЛИНИКА

Бүгүн, 21-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик ЭлТР телеканалынын көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызы боюнча отурум болду.

ЭлТР телеканалынын юристи Азизбек Ибрагимов судьядан “ПолитКлиника” порталынын “ЭлТР телеканалынын кезектеги калпысы жана манипуляциясын айтып берем», «орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 22 млн доллар насыя алынган», «2020-жылдын октябрь айынан тартып, өлкөнүн энергетика тармагына сырттан насыялар алынган» деген маалыматтарын чындыкка дал келбейт деп табууну, жана материалды Интернеттен алып салууну милдеттендирүүнү суранды. Андан тышкары маалыматты төгүнгө чыгарып, моралдык зыян катары соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, материалдын автору журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүндү.

«Институт медиа полиси» уюмунун юристи Нурбек Сыдыков доо менен толук таанышуу үчүн соттон убакыт берүүнү сурады. Жыйынтыгында процесс 6-июль, саат 10:30да уланмай болду.

СНХ; «Институт медиа полиси» уюмунун юристи Нурбек Сыдыков

Эске салсак, 4-февралда «ПолитКлиника» ЭлТРдин «Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес» дегени калп» деген тема менен ачык булактарга таянган материал жарыялаган. Анда басылма ЭлТРдин 31-январда чыккан «Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?» аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген. Ал эми мамлекеттик ЭлТР телеканалы «ПолитКлиниканы» сотко берген.

ТОГУЗ-ТОРОДО 3-ДАРАЖАДАГЫ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ РЕЖИМИ КИРДИ

Тогуз-Торо районуна III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын дарыясында суунун көлөмү көтөрүлүп Тогуз-Торо районуна караштуу АБЗ тилкесин суу жеп, Ынтымак конушунда жайгашкан 200 кожолукка жана 16 гектар айдоо жерине, Аэропорттун учуу конуу тилкесин суу жеп кетүү коркунучу пайда болгон.

Мындан улам Тогуз-Торо райондук жарандык коргонуу комиссиясына «Айгай» жарыяланып Жалал-Абад облусттук жарандык коргонуу башчысы А.Сыргабаев жана ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник А.Закировтун катышуусунда штабдык олтурум өтүп, Тогуз-Торо районуна 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Жеринде Нарын дарыясынын белгиленген тилкесинде суунун нугун буруу иштери жүрүүдө.

МИЛИЦИОНЕР КАРМАЛДЫ

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн коштоо тобунун кызматкери, ошондой эле дагы эки жаран кармалды.

«Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2023-жылдын 19-июнунда милиция кызматкери Бишкек шаарынын Тергөө камак жайынына камакка алынган жаранды Сокулук райондук сотуна соттук териштирүүгө катышууга алып чыгып, кайра кайтып келе жаткан учурда камакка алынган аялдын жарандык күйөөсүнөн милиция кызматкери акчалай сыйлык үчүн соттук отурумдан кийин Сокулук районунун аймагында жайгашкан мейманканалардын биринде камакка алынган шектүү менен жолугушууну сүйлөшүп алганы аныкталып, ошол жерден кармалышкан»,-деп жазылат маалыматта.

Сокулук РИИБнин кызматкери УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ВИДЕОСУ ИНТЕРНЕТКЕ ТАРАГАН ДАРЫГЕР ИШТЕН КЕТТИ

Видеосу интернетте тараган балдар дарыгери иштен алынды. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан кабарлангандай, ал дарыгер Саламаттык сактоо министрлигинин оозеки буйругунун негизинде жумушунан бошотулган.

Кыйкырып катуу урушуп жаткан дарыгердин видеосу 16-июнда социалдык түйүндөр аркылуу тараган. Тасма «жетекчинин агрессия көрсөткөн кызы жоопко тартылсын” деген комментарийлер менен коштолгон.

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Гүлзат Маймерова окуя былтыр жыл соңунда ЛОР бөлүмүндө болгонун, видеодогу дарыгер анын кызы экенин ырастап, ал онкологиялык дартка чалдыккан балдарды дарылаган ЛОР хирург болуп былтыртан бери иштеп келатканын, чырдын чоо-жайын этика комиссия териштирерин, буга чейин жүрүм-турумуна байланыштуу доомат укпаганын маалымдаган.

Количество просмотров: 125