• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кемпир-Абад боюнча кармалгандар абакта калды. Ит үчүн окуучуну тилдеген мугалим эскертүү алды

16 Бирдин айы 2023 17:48 Бишкек Govori.TV

ӨКМӨТ ДЕПУТАТТАРГА МААЛЫМАТ БЕРДИ

Бүгүн, 16-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында  2023-жылдагы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата көрүлүп жаткан даярдыктын жүрүшү боюнча Министрлер кабинетинин маалыматы угулду. Жыйынга Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышты.

Алгач айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков даярдыктын жүрүшү боюнча баяндама жасап, маалымат берди.

Ал эми депутаттар социалдык-экономикалык багыттагы, анын ичинен айыл чарба тармагына тиешелүү бир катар көйгөйлөрдү көтөрүшүп, жасалган баяндамага өз баасын беришти.

Белгилей кетсек, Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков быйыл бардык аймактарда жазгы-талаа иштерине даярдык өз деңгээлинде жүрүп жатканын билдирип, үрөн, минералдык жер семирткич, күйүүчү май жана айыл чарба техникасы менен камсыз кылууда быйыл эч кандай көйгөй жаралбай турганын белгилеп  өттү.

ЖАПЫРТ КАРМАЛГАНДАРДЫН БӨГӨТ ЧАРАСЫ КАРАЛДЫ

бүгүн, 16-февралда Кемпир-Абад иши боюнча жапырт кармалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча соттук отурумдар уланды. Кечээ, 15-февралда Биринчи май соту тарабынан жапырт кармалгандардын бөгөт чарасы карала баштаган.  Белгилүү болгондой, журналист Айданбек Акматов, саясатчы Асия Сасыкбаева, активист Атай Бейшенбек, укук коргоочу Рита Карасартова, Клара Сооронкулова жана  Гульнара Джурабаевалардын бөгөт чаралары каралды. Алардын айрымдарыныкы эртеңкиге жылып калганы белигилүү болду.

 Сот залына алынып келинген саясат талдоочу, журналист Айданбек Акматов Баш мыйзамдын 15 беренеси бузулуп жатат деген пикирин айтты.

Эске салсак, 2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразычылыгын билдирген саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активисттер камакка алынган.  Ички иштер министрлиги шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет.

Биринчи Май райондук сотунун аларды 20-февралга чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Ал эми иш жашыруун деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон.

КЫРГЫЗСТАНГА СИРИЯДАН ЖАРАНДАР АЛЫП КЕЛИНДИ

Бүгүн “Айкөл” гуманитардык миссиясынын алкагында Кыргызстанга Сириядан 18 аял жана 41 бала алып келинди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аларды КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери коштоп келген.

Белгиленгендей, өмүрү жана ден соолугу кооптуу абалда калган, мамлекет тарабынан коргоого укугу бар балдарды сактап калууга багытталган бул иш-чара ушундай масштабдагы экинчи репатриация иш-чарасы болуп саналат.

Белгилей кетсек, мекенине келген балдарды президенттик аппараттын кырдаал борборунун директору Жолдошбек Мамбеталиев, эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кылычбек Абышев, тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев тосуп алышты.

ЭТУ МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

Издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-февралда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) издөөдө жүргөн шериги — Сузак районунун 1976-жылы туулган тургуну кармалды.

«Кылмыш-жаза кодексинин беренелерине ылайык мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран ЭТУнун мүчөлөрүнө Калашников (АК-74) жана гранатомет саткандыгы аныкталды, кийинчерээк Бишкек шаарынын аймагында террордук актыларды уюштуруу аракети менен КР УКМК тарабынан жок кылынган», — деп айтылат билдирүүдө.

Кармалган жаран УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.

ОКУУЧУНУ УРУШКАН МУГАЛИМ СЫНДАЛДЫ

Күчүктү мектепке алып келген окуучуну урушкан мугалимге эскертүү берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кыматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, окуя Баткен облусунун Кадажай районунудагы Чынгыз Айтматов атындагы мектепте болгон. Анын видеосу соцтармактарга тараган. Анда мугалим мектепке күчүктү баштыкка салып алып келген окуучу тууралуу айтып, аны ким алып келгени боюнча сурап жатканы тартылган.

Мындан соң аталган видеонун экинчи бөлүгү да чыккан. Анда мугалим күчүк алып келген окуучуну урушуп, түртүп жиберген.

Бул окуя коомчулук тарабынан катуу талкууга алынып, мугалимдин дарегине бир катар сындар айтылган.

Количество просмотров: 330