• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Өкмөт 2-толкунду божомолдоду. Жардамга Россиядан аскер дарыгерлери келди

22 Теке 2020 18:02 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ
Акыркы сутканын ичинде коронавирус жана пневмония оорусу 1108 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

БОРОНОВ 2-ТОЛКУНГА ДАЯР БОЛУУ КЕРЕКТИГИ АЙТТЫ
Өлкөнүн бардык аймактарындагы ооруканаларга зарыл жабдууларды алуу менен кышка даярдоо иштерин күчөтүү керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

РОССИЯДАН АСКЕР ДАРЫГЕРЛЕРЛЕРИ КЕЛДИ
Коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Россиядан Кыргызстанга аскер медициналык кызматкерлер келди.
Медициналык кызматкерлерди Россиянын Коргоо министрлигинин атайын учагы “Кант” авиабазасына жеткирген. Атайын учак менен керектүү жабдыктар жана дары-дармектер да келген.

ТҮРКИЯДАН КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ КЕЛДИ
Бүгүн, 22-июлда Кыргызстанга Түркиядан 341 кыргыз жараны учуп келди. Алардын арасында жаш балдар дагы бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

БИШКЕКТЕ СООДА ТҮЙҮНДӨРДҮН ИШТӨӨ МӨӨНӨТҮ УЗАРДЫ
Бүгүндөн тарта Бишкектеги супермаркеттердин иштөө мөөнөтү саат 21:00гө чейин уланарын мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. Мындай токтомго калаа башчысы Азиз Суракматов кол койгон.

ЫКТЫЯРЧЫЛАРДЫН КОЛУНДА КАЗА БОЛДУ ДЕГЕН БЕЙТАП ТИРҮҮ КАЛГАН
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Бишкекте ыктыярчы кыздын адам өмүрүн сактап кала албай ыйлаган видеосу боюнча сотко чейинки териштирүүсүн токтотту. Бул тууралуу 22-июлда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Министрликтин маалыматына караганда, кыздын “Мен аны сактап калмакмын, оорукана кабыл албай, ортодо жети мүнөт жоготуп алдым” деп ыйлап жаткан видеосунан кийин окуя кандайча болгону тууралуу териштирүү башталган.

Количество просмотров: 630