• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: ЖЭБдеги аварияга күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу маселеси көтөрүлдү. Нарматованын мыйзамы ЖКда каралган жок

7 Бирдин айы 2024 17:54 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ӨЛКӨДӨ СӨЗ ЭРКИНДИГИ БАР ЭКЕНИН АЙТТЫ

Президент Садыр Жапаров “Массалык башаламандыктар” беренеси менен шек саналып камакка алынган 11 журналист боюнча эл аралык уюмдардын тынчсыздануусуна жооп берди. Ал 7-февралда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине курган кезектеги маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айтты.

Ошондой эле, Жапаров ал эми бийликтин кемчиликтерин айтып, бийликте отурган коррупционерлердин бетин ачкандардан пайда гана келерин кошумчалады. Мындай жардам бергиси келгендер интернеттен же Бишкектеги Максим Горький гүл багынан бийликке кайрылса болорун айтты.

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды 13-мартка чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган. Бишкек шаардык соту бул токтомдорду күчүндө калтырды.

ИИМ “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

ЖЭБДЕГИ КЫРСЫК. ДЕПУТАТ ЖООПКЕРЧИЛИК МАСЕЛЕСИН КӨТӨРДҮ

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары парламенттин 7-февралдагы жалпы жыйынында Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияга күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу маселесин көтөрүштү.

Депутат Эмил Токтошев бул маселени Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында карап чечим кабыл алып, жалпы жыйынга алып чыгуу сунушун берди.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде авария болгон. Кырсыкты изилдөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлүп, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеп жатат. Башкы прокуратура окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, аны тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөрүп берген.

Авария учурунда жабыркаган төрт бейтап 4-февралда президенттик ТУ-154 учагы менен Түркияга жеткирилди.

ЖАҢЫ ДЕПУТАТТАР АНТ БЕРДИ

7-февралда экс-депутат Айсулуу Мамашова жана экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров Жогорку Кеңеште ант берип, депутаттык кызматка киришти.

ЛАЙФ АНТТАН

Алар диплом чырына байланыштуу мандатынан ажыратылган “Альянс” фракциясынын мурдагы депутаты Фарходбек Алимжановдун жана ушул эле фракциянын мурдагы мүчөсү, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айыпталып жаткан экс-депутат Эмил Жамгырчиевдин ордуна келишти.

43 жаштагы Элдар Абакиров Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетин, Кыргызстан мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган. Эмгек жолун 1998-жылы “Казак темиржол транспорту илимий-изилдөө институту” ишканасында программист-аналитик болуп баштаган. 2019-жылы экономика министринин орун басары болгон.

36 жаштагы Айсулуу Мамашова VI чакырылышта “Ата Мекен” фракциясынан депутат болгон.

Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укугу ал парламентте ант берген күндөн тартып күчүнө кирет. 

НАРМАТОВАНЫН МЫЙЗАМЫ ЖКДА КАРАЛГАН ЖОК

«Чет элдик өкүл» тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 7-февралдагы жыйынынын күн тартибинен алынды. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Депутат Бекешев мыйзам долбоору эмне үчун алынганы белгилсиз экенин жазган.

Парламенттин басма сөз кызматы бул маселе эмне үчүн күн тартибинен алынганынын чоо-жайы тууралуу маалымат жоктугун билдирди.

Коомчулукта “Чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.

23-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документти экинчи окууда колдогон.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар парламенти «бейөкмөт уюмдардын ишмердигине олуттуу коркунуч келтирүүчү» бул мыйзам долбоорун четке кагууга чакырышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы депутат Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган. Мыйзам долбоорунун автору Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет.

ШААРДЫК СОТ ЖЕКШЕНАЛИЕВДИН ИШИН КАРАДЫ

Бүгүн, 7-февралда Бишкек шаардык соту активист Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча прокурордун апелляциялык арызын карап, Биринчи Май райондук сотунун актаган өкүмдү күчүндө калтырды.

Буга чейин райондук сот Ырыс Жекшеналиевди толук актаган. Прокуратура райондук соттун активистти актаган чечимине каршы 8-январда Бишкек шаардык сотуна арыз берип, ишти биринчи инстанцияга кайра кароого жөнөтүүнү өтүнгөн.

Жекшеналиев 2022-жылдын 14-августунда УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылып, кармалган.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 208