• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: “Коопсуз шаар”, коопсуздукту камсыз кыла алдыбы?

21 Баш оона 2019 19:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.08.2019.Govori.TV.

Өлкөдө “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы башталуу алдында турат. Долбоордун максаты “Айдоочуларды жол эрежесин сактоого үйрөтүүбү же казынаны толтуруубу”,- деген суроо дайыма толгонтуп келет. Бул аралыкта Бишкекте фото жана видеобайкоо камералары орнотулган жерлерде жол кырсыктары 52% кыскарганы айтылууда. 2019-жылдын 8 айында ББР тутумунда 267 миңден ашуун протокол катталып, 426 млн сомдон ашык суммага айып салынган.
Президент Сооронбай Жээнбеков Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун (РКӨФ) төрагасы Эркин Асрандиевди, «Кепилдик фонд» ААК төрагасы Малик Абакировду, «Айыл Банк» ААК төрагасы Бактыбек Шамкеевди жана «РСК Банк» ААК төрагасы Азизбек Оморкуловду алып, региондордогу ишкерлерди, экспортко багытталган ишканаларды активдүү колдоону мындан ары дагы улантуу, жаӊы ишкерлердин «старт-ап» долбоорлорун каржылоо, санарип технологиялар аркылуу кыска убакытта насыяларды тез берүүнү камсыз кылуу керектигин белгиледи.

Количество просмотров: 24