Бишкек. 30.07.2019. Govori.TV
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков эс алууга кетээрдин алдында эл аралап, алардын үнүн угуп жүрөт. Жолугушуулар позитивдүү жана контруктивдүү болуп жатканы байкалат. Анткени, аймактардан шайланып келген депутаттар өздөрү да жолугушуп суроолорун өкмөткө сунуштап келишкен. Бирок баягы эле элдин көкүрөгүнө көк таштай түйүлгөн түйүндүү маселелер чечилбеген бойдон эле. Жолугушууга келгендер, таза суу, айыл өкмөтүндөгү коррупциялык иштер, ишкерлерди колдоо, жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу маселелерди козгошту.
Ошондой эле бүгүн тышкы иштер министрлиги журналисттердин катышуусунда брифинг өткөрүп, жарым жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды. Эң башкысы Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон чек ара боюнча соңку сүйлөшүүдө бир пикирге келе алышты, эки президент мамлекеттик чек ара маселесин чечүүгө даярдыгын билдиришти жана бул жолугушуу алардын саясий эркин көрсөттү.
«Президенттер мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдө башкы элемент болуучу юридикалык негиздерге карата мамилени талкуулашты»,- деди Улан Дыйканбаев.
Кененирээк “Күндүн ыргагы”