• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Өлкөдө коронавирус оорусу жогорку чегине жетти. Орозо кармагандар үйдө ооз ачышат

23 Чын куран 2020 18:35 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ
Өлкө боюнча 23-апрелге карата коронавирус инфекциясын жуктурган 19 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

СТАМБУЛДАН КЕЛГЕНДЕРДЕН ВИРУС АНЫКТАЛДЫ
Өткөн жумада Түркиянын Стамбул шаарынан алып келинген кыргызстандыктардын айрымдары коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

ЖЭЭНБЕКОВ ОРОЗОНУН БАШТАЛЫШЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ
Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктап, ажо 30 күн кармаган орозонун касиети менен дил дүйнө тазарып, ыйман тереңдеп, аруу сезимдер арбып жана жакшылыкка болгон үмүт бекемделерин белгилеген.

РОССИЯДАН БУУДАЙ АЛЫНЫП КЕЛИНДИ
Россия Федерациясынан келишимдик негизде сатып алынган буудайдын экинчи партиясы Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

ПРЕЗИДЕНТТИН АППАРАТЫНДА КАДРДЫК ӨЗГӨРҮҮ БОЛДУ
Президенттин кеңешчиси Олег Панкратов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Количество просмотров: 1248