• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Күндүн ыргагы: Мандатынан ажыраган 2 депутат сотко даттанды. Мектепте мугалим асынып алды

11 Теке 2023 18:54 Бишкек Govori.TV

ИСМАИЛОВ МЕНЕН АЛИМЖАНОВ СОТКО КАЙРЫЛДЫ

Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылган Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча сотко арызданды.

Бишкек шаардык административдик сотунан билдиришкендей, Исмаиловдун арызы боюнча баштапкы соттук угуу 17-июлга, ал эми Алимжановдуку боюнча 18-июлга белгиленген.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Фарходбек Алимжанов жана Фархат Исмаиловду мандатынан ажыратуу чечимин чыгарган. Буга жасалма диплом маселеси себеп болгон. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өткөн жылы марттан тарта УКМК бардык аткаминерлердин дипломунун аныктыгын жана кош жарандуулугун текшере баштаган.

МУГАЛИМ АСЫНЫП АЛДЫ

Бишкектеги Александр Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназиянын имаратында асынган адамдын жансыз денеси табылды. Маалыматты Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 5-июль күнү саат 09:14тө “102” кызматына мектептин түндүк-батыш тарабында өз жанын кыйган жаран тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Айтылган дарекке ыкчам топ барган. 1986-жылы туулган жарандын денеси табылган. Текшерүү учурунда маркумдун денесинде тактар болгон эмес»,-деп жазылат маалыматта.

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Социалдык тармактарда каза болгон жаран аталган мектепте мугалим болгону айтылууда. Ал эми министрлик окуянын чоо-жайы такталып жатканын билдирди.

ТАКСИСТКЕ БЫЧАК САЙГАН ЖАРАН ИЗДЕЛҮҮДӨ

Чүйдүн Сокулук районунда жүргүнчү таксистке 14 ирет бычак сайды. Маалыматты Чүй облустук милициясынан тастыкташты.

10-июлга караган түнү эркек киши Бишкектеги Туңгуч кичи районунан таксиге отуруп, айдоочудан Новопавловка айылына жеткирип коюуну өтүнгөн. Алар белгиленген жерге жеткен соң кылмышкер айдоочуга бычак менен кол салган. Автоунаанын ачкычын алууга аракет кылып, бирок таксист каршылык көрсөтүп, качканга жетишкен.

«Кол салган адам из жашырган. Таксисттин ооруканага жаткырылып, 14 жолу бычак жеген»,-деп жазылат маалыматта.

Шектүүнүн аты-жөнү аныкталып, учурда тартип сакчылары аны издеп жатышат.

ТӨӨ-АШУУДАГЫ ТОННЕЛЬ ЖАБЫЛАТ

Бишкек-Ош кан жолундагы Төө-Ашуудагы каттамга 10 саатка чейин созулган убактылуу чектөө келерки аптадан тартып киргизилет. Маалыматка ылайык, учурда чектөөнүн жадыбалы түзүлүп, тиешелүү мекеме-органдар менен макулдашылып жатат.

Буга чейин аталган транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев тоннелди оңдоп-түзөө иштеринен улам убактылуу узак мөөнөткө жабылып турарын билдирген.

Ал Фейсбуктагы баракчасына “тоннелдин ремонт иштеринин акыркы этабы калды. Жумушту тез бүтүрүү максатында эми чектөөлөр кийинки жумадан баштап 10 саатка чейин болот. Бул аракет асфальт төшөөнү тездетүүгө байланыштуу”, — деп жазган.
 Буга чейин аталган тоннелдин ичиндеги жолдун сапатына байланыштуу нааразылык көбөйгөн. Айрым учурда тыгындар дагы пайда болгон. Өткөн айда тоннелди суу каптаган. Аталган министрлик май айында тоннель толугу менен оңдолорун билдирген.

Количество просмотров: 177