• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: «Мегаком» сатыкка чыкты. Ысык-Көлдүн губернатору сөгүш алды

4 Теке 2023 18:02 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ШКУ ЖЫЙЫНЫНА КАТЫШТЫ

«Шанхай кызматташтык уюму өз ара ишенимге, өз ара пайдага, тең укуктуулукка жана биргелешкен өнүгүүгө умтулууга негизделген эл аралык мамилелердин моделинин шыктандыруучу мисалы болуп калды», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда видеоконференц-байланыш режиминде өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысы өз сөзүнүндө иштин маанилүү жыйынтыктарынын бири Ирандын ШКУнун толук кандуу мүчөлөрүнүн катарына кирүүсү болот, деп баса белгиледи. Ошондой эле Беларусь сыяктуу ишенимдүү өнөктөштү ШКУнун толук укуктуу мүчөсү катары кошуу процедурасынын ийгиликтүү аяктоосу күтүлүүдө.

Садыр Жапаров учурда Кувейт, Мальдив, Мьянма, Бириккен Араб Эмираттарына жана Бахрейнге ШКУнун диалог боюнча өнөктөшү макамы берилгенин канааттануу менен белгиледи.

ШКУнун диалог боюнча өнөктөштөрүнүн жалпы саны 14 өлкөгө жеткен бекем жана келечектүү потенциалын эске алуу менен Мамлекет башчысы Катчылыкка биргелешкен иш-чаралардын «Жол картасын» иштеп чыгуусун тапшырууну сунуштады.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы негиздөөчү мамлекет катары ШКУнун Хартиясынын духуна жана анда жазылгандарына бекем берилгендигин, мүчө мамлекеттердин коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттерди ар тараптуу колдой тургандыгын баса белгиледи.

ЫСЫК-КӨЛ ГУБЕРНАТОРУ СӨГҮШ АЛДЫ

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетовго сөгүш берилди. Бул тууралуу Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан кабарлашты.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Иманбетов Илияз Женишовичке сөгүш берилди.

Эске салсак, Президенттин «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляждык зоналарга кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» Жарлыгын аткаруу жоопкерчилиги президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, мамлекеттик райондук администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жүктөлөт.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун айрым пансионаттарында дарбазалар, тосмолор толугу менен алынып салынган эмес, ошондой эле көлдүн жээгинен курулуш материалдары ушул күнгө чейин чыгарыла элек.

Мындан тышкары, Илияз Иманбетов Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан коомдук тамактануу объектилерин мыйзамсыз курууга жол берген.

“МЕГАКОМ” САТЫККА КОЮЛДУ

«Альфа-Телеком» (MEGA соода маркасы, мурдагы MegaCom) ЖАКтын акциялары аукционго коюлду.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду (ММБФ) кабарлагандай, мамлекеттик акциялардын 100% толук пакети электрондук аукционго коюлду.

«Альфа-Телеком» ЖАКтын мамлекеттик пакетинин акциясынын баштапкы суммасы — 14 миллиард 600 миллион сом.

«Арыздар 2023-жылдын 4-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө кабыл алына баштайт. Кабыл алуу 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө аяктайт. Электрондук аукцион 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат”,-деп жазылат маалыматта.

Электрондук аукцион электрондук соода аянтынын порталында өткөрүлөт.

Бул арада президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев соцтармак баракчасы аркылуу билдирүү жазып, аукционго ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландап жатканын айтты. «Муну менен компания мамлекеттин карамагында калып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун улантат. Мындан тышкары, башкаруучунун алмашуусу калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга алып келери күтүлүүдө», – деди ал.

Өткөн жылдын аягында «Альфа Телекомду» сатуу үчүн баалоочу компанияны тандоо максатында сынак жарыялаган. Анда «Мега» мамлекет сатыкка коюла турган 30 ишкананын катарында экенин, убагында 19 миллиард сомго бааланганы айтылган. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49% улутташтырган. 2014-жылы компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн.

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫНЫН ҮЙҮНҮН ДУБАЛЫ БУЗУЛДУ

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Акуналы Досалиевдин Арча-Бешик конушундагы үйүнүн тосмосу буздурулду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Калаа бийлиги аталган көчөнү асфальттоо иштери жүрүп жатканын айтып, 40тан ашык үйдүн дубалы буздурулганын билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда министрдин орун басарынын үйүнүн тосмосу кызыл сызыктан өтүп, тротуар курууга тоскоолдук кылганы тууралуу маалыматтар тараган.

“КАРЫШКЫРГА” ӨКҮМ ЧЫКТЫ

Карышкыр каймана аты бар кримтөбөл Мурсалым Умырзаков 14 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Умырзаков Кылмыш-жаза кодексинин 261 («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу»), 165 («Адам уурдоо»), 208 («Опузалап талап кылуу») жана 122инчи («Адам өлтүрүү») беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

2010-жылы Мурсалым Умырзаков уурулук үчүн соттолгон. 2012-жылдын декабрь айында Нарын шаардык соту тарабынан шарттуу түрдө бошотулган. 2013-жылы кримтөбөл из жашырып кетип, ага издөө салынган. Ошол эле жылдын ноябрь айында Орусияда кармалып, калган жаза мөөнөтүн өтөшү үчүн Бишкекке алып келинген.

Количество просмотров: 169