• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Наристенин өлүмүн жумушчу топ иликтейт. Окуучулардын каникулу узарды

9 Үчтүн айы 2023 17:56 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ МАЛ БАЗАРГА БАРДЫ

Сокулукта өкмөттүн мал базарларды иретке келтирүү тапшырмасын аткарбай жаткандар жакынкы арада аракет кылбаса аларга чечкиндүү чара көрүлөрүн бүгүн 9-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сокулук районундагы мал базардын абалы менен таанышканы барганда билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Жапаров мал базарларда тартип орнотуу тууралуу былтыркы тапшырмасынан бери көпчүлүгүндө жагдай жакшырганын, базар администрациясы сатуучуларга жана сатып алуучуларга зарыл шарттарды түзүп бергенин, ал эми Сокулуктагы базардын абалы өтө начар бойдон калып жатканын белгилеп, базар ээсине жана жергиликтүү аткаминерлерге эскертүү берди.

Эске салсак, былтыр 28-мартта Акылбек Жапаров президенттик аппараттын жыйынында Кыргызстандагы мал базарлардын абалын кескин сынга алган. Өкмөттүн басма сөз кызматы мындан улам жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө базарлардын шартын жакшыртып, чукул арада асфальт төшөө тапшырмасы берилгенин маалымдаган.

АНОМАЛДЫК СУУК: ӨКМӨТ ДАЯРБЫ?

Өлкө синоптиктеринин божомолунда 11-январдан тарта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин төмөндөп, тоолуу аймактарында минус -38 °га чейин жетип, кар жаап, жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирүү таратып, кыргызстандыктарга сунушун айтты.

«Аномалдык суук кыштоолордо малды кармоодо, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Бул күндөрү үйүңүздү жылуулап, малды жайытка чыгарбастан, сарайда кармаңыз. Алыска сапарга чыгууну, тоолордо эс алууну башка күндөргө жылдырууну сунуштайбыз»

ЖАШ БАЛАНЫН ӨЛҮМҮ

Бишкектин Ленин райондук соту камакка алынган дарыгерлерди үй камагына чыгарды. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору менен шаардык балдар ооруканасында иштеген беш дарыгердин эң улуусу 67де болсо, эң кичүүсү 27 жашта. Аларды камакка алууга 14-ноябрда кичинекей баланын ооруканада каза тапканы негиз болгон. Милициянын маалыматына таянсак, ашказаны ооруган бөбөктү Бишкектеги ооруканалардын бирине алып барышкан. Ошол эле күнү саат 12:30да бейтапты башка оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которушат. Ал жерде бала өзүнө келбей, чарчап калган. Бүгүнкү күндө анын кандай абалда келип түшкөнү, дарыгерлер кандай жардам көрсөткөнү боюнча комиссия түзүлүп, териштирилип жаткан чагы.

СООДАГЕРЛЕР МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ

Бүгүн, 9-январда Бишкектеги «Дордой-Дыйкан» базарынын соодагерлери митингге чыгышты. Маалыматка караганда, «Дордой-Дыйкан» дүң азык-түлүк базарында электрондук товар-транспорт коштомо кагазын (электронная товаротранспортная накладная) колдонуу талабы коюлгандыктан товар келбей жатат.

Ишкерлердин айтымында, жеткирүүчүлөр рынокко электрондук товар-транспорт коштомо кагазы жок товарларды берүүдөн баш тартышат. Алар түшүндүргөндөй, аны колдонуу үчүн виртуалдык кампаны башкара турган бухгалтерди жалдоо керек.

Салык кызматынын өкүлдөрү Бишкектеги “Дордой-Дыйкан” базарында нааразылык билдирип чыккан соодагерлер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

«Электрондук-товардык жүгүртүүнү эмне үчүн жана кантип колдонуу керектигин соодагерлерге түшүндүрүп жатышат. Эң негизгиси – ачыктык жана айкындуулук болсун деп жатабыз. Себеби көп ишкерлер 1-2 миң сомго патент сатып алып коюп, 30-40 миллион сомго товар сатып, өкмөттү алдап келишкен. Аны биз далилдей албай калган учурлар бар. Эми электрондук-товардык жүгүртүү болгондо ишкерге товар келгенде биздин базага автоматтык түрдө маалымат түшөт. Бардык салык төлөөчүлөр бирдей төлөшү керек. Мүмкүн салык төлөөчүлөр үчүн айрым көйгөйлөрдү жаратышы ыктымал, бирок 1-2 айда көнүп, ушул система менен иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат»,-деп айтылат маалыматта.

БӨЛТҮРҮК КАМАКТА КАЛДЫ

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүк 10-мартка чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Govori.TVга  Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 29-декабрында Октябрь райондук сотунда Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасын узартуу боюнча өтүнүч каралып, сот анын камактагы мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алган.

Эске салсак, август айында Кумтөрдө каржылык мыйзам бузуулар тууралуу белгилүү болгон. Башкы прокуратура “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүктү жана аны менен кошо жооптуу эки адис кармалган.

Количество просмотров: 436