• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Күндүн ыргагы: Нарматованын мыйзамы комитетте колдоо тапты. Кыргыз-тажик УКМК башчылары билдирүү жасады

3 Тогуздун айы 202319:15 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫН ТАКТАШУУ

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик маалымат каражаттары 3-октябрда Баткендеги эки тараптуу жолугушууда тартылган видео билдирүүлөрдү жарыялашты. Кол коюу аземинен кийинки сөзүндө Саймумин Ятимов бул протокол чек арадагы калган талаштарды чечүүгө өбөлгө болорун билдирди.

Андан кийин сөз алган Камчыбек Ташиев документ кыргыз-тажик чек арасы боюнча соңку чечимди кабыл алууга негиз болорун айтты.

2-октябрда Баткенде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстан өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жолугушуусу болуп өткөн. Кыргызстандын делегациясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектесе, ал эми Тажикстандын делегациясын Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.

«Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстан өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топтору жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору мамлекеттик чек аранын калган участокторунда долбоордук линияны сыпаттоо иштерин улантат. Жолугушууда чек ара аймактарынын ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди чыңдоо, ошондой эле эки мамлекеттин чек арага жакын райондору менен облустарынын активдүү кызматташуусун улантуу зарылчылыгы өзгөчө белгиленди. Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду», — деп маалымдалат Министрлер кабинети тараткан билдирүүдө.

ТАЛАШТУУ “ЧЕТ ЭЛДИК ӨКҮЛ” МЫЙЗАМЫ

Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети «Чет элдик өкүл жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда кабыл алды.

Долбоордун демилгечилери катары депутаттар Надира Нарматова баштаган 24 депутат көрсөтүлгөн.  Демилгечи депутат Надира Нарматова мамлекеттик эмес уюмдарды көзөмөлдөө керектигин айтып, эмне үчүн бул талаштуу мыйзамды демилгелеп жатканына токтолду.

Саясат талдоочу Алмаз Тажибай “Чет элдик өкүл жөнүндө» мыйзамдын кесепеттерин атады. Анын айтымында, мыйзам долбоору кабыл алынса, «Кыргызстан демократия аралы деп айта албай калабыз.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өкмөт баш болуп чет өлкөдөн каржылык колдоо алып жүргөнүн белгилеп, бул талаштуу мыйзам парламенттен өтпөсө керек деген пикирин айтты.

Эске салсак, бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган.

Ошол эле учурда буга чейин Бактыбек Чойбеков, Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев жана Шайлообек Атазов мыйзамга автор болуудан баш тартышкан.

Ал эми “Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

ЖК КОМИТЕТИ КЕНДИРБАЕВАНЫ КОЛДОДУ

 Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Догдуркүл Кендирбаева талапкерлигин билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна дайындоого макулдашуу үчүн президент Садыр Жапаровдун сунушу каралды.

Талапкерди президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырып, Кендирбаеванын эмгект ишмердүүлүгүнүн жана кесиптик жетишкендиктеринин негизги этаптарына токтолду.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Догдуркүл Кендирбаевага бир катар суроолорду берип, билим берүү системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү милдеттер турганын айтышты. Ал эми депутат Камила Талиева талапкерге кеңеш берип, билим берүү тармагында шектүү делген адамдарга жолобоону эскертти.

Эске салсак, 28-сентябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

ТЕЗ ТАТЫМ ЖАЙЛАРЫНА АЙЫП САЛЫНДЫ

Бишкектин Санэпидкөзөмөл борбору эки күндүн ичинде 37 тез татым түйүнүн текшерди.

Маалыматка ылайык, 10 тез татым жайы убактылуу жабылган. Аныкталган кемчиликтерге байланыштуу жалпысынан 36 протокол толтурулуп, 588 миң сом айып пул салынды.

Эске салсак, буга чейин Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкекте тамак-ашка жапырт ууланган окуядан улам шаардагы тез татым түйүндөрүн жапырт текшерүүнү тапшырган.

Эске салсак, 1-октябрда Бишкекте Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан «Беш лаваш» жана «Мидос» тез татым түйүндөрүндө массалык уулануу катталган. Уулангандар шаурма жегени белгилүү болгон. Буга байланыштуу тез тамактануучу жайларга 72 миң сом айып салынып, убактылуу жабылган. Соңку маалыматка ылайык, шаардагы тез татым түйүндөрүндө шаурмадан уулангандардын саны 71 адамга жетти.

Количество просмотров: 297