• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Президент Байсаловду депутаттардан кечирим суратты. Мадумаров абакта калды

13 Аяк оона 2023 19:16 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ТАЖИКСТАНГА БАРАТ

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Душанбе шаарына иш сапар менен барат. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Иш-чарага Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин башчылары катышары күтүлөт.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Душанбеде боло турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусу көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулоону көздөйт деп күтүлүүдө»,- деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

БАЙСАЛОВ ДЕПУТАТТАРДА КЕЧИРИМ СУРАДЫ

Бүгүн, 13-сентябрда ЖКнын жалпы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутаттардан кечирим сурап, эмоцияга алдырып, ашыкча сөздөрдү айтканын билдирген.

Байсаловдун сөзүнөн соң бир нече депутат анын дарегине терс пикирлерин айтып, «кечирим сурап койсо эле маселе бүтүп калабы» деп нааразы болушту.

Сын айткан депутаттарга ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев жооп берип, Байсаловдун маселеси боюнча президент, өкмөт башчы, парламенттеги фракция лидерлери, вице-спикерлер чогулуп, талкуулашканын айтты. Төрага президент Жапаров Байсаловду парламенттен расмий түрдө кечирим сурашын талап кылып, акыркы жолу эскертүү бергенин кошумчалады.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш июнь айында Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү тууралуу токтом кабыл алган. Парламенттеги “Ишеним”, “Ата Журт-Кыргызстан” фракциялары жана “Мекенчил” депутаттык тобу анын отставкасын кароо демилгесин көтөргөн.

ДЕПУТАТТАР ТАЛАПКЕРДЕРДИ ЖАКТЫРДЫ

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри, Нурия Кутнаеваны санариптик өнүктүрүү министри, ал эми Гүлнара Баатырованы эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралып, алардын талапкерлиги жактырылды.

Талапкерлер боюнча маалыматты президенттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди. Ал эми депутаттар бир катар суроолорун берип, талакерлерге ийгилик каалашты.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 7-сентябрда бир катар жарлыкка кол коюп, Министрлер кабинетинин курамында бир катар өзгөрүүлөр орун алган. Бир күндө 4 министр жана бир канча мамлекеттик агенттиктердин жетекчилеринин алмашуусу коомчулукта кадр саясаты тууралуу ар кыл кептердин жаралуусуна себеп болгон.

МАДУМАРОВ АБАКТА КАЛДЫ

Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасы каралды. Процессти чагылдырууга ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок.

Ал эми сот отурумунун башталышында сот имаратынын алдында саясатчынын тарапташтары чогулган. Чогулгандар соттон Адахан Мадумаровду бошотууну талап кылышкан.

Эске салсак, Адахан Мадумаров 2-сентябрда милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. ИИМ ага Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси («Мамлекеттик чыккынчылык») менен айып коюлганын билдирген. Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 24-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырган.

Башкы прокуратура парламенттен 22-июнда Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга макулдук алган. Анда “бийликтен аша чабуу” деген берене менен айып коюлган. Башкы көзөмөл органынынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

СОТ ОЛЖОБАЙ ШАКИРДИН КАРМАЛУУСУН МЫЙЗАМДУУ ДЕП ТАПТЫ

Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаардык соту жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин камакка алынышы боюнча ишти карап, аны кармалышын мыйзамдуу деп таап, баш коргоо чарасын кароону башка күнгө калтырды.

24-августта журналист, публицист Олжобай Шакир 2 айга Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык камалган.

Ал 23-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылып, дээрлик сегиз саатка созулган сурактан кийин 48 саатка камалган. Олжобай Шакирге “массалык башаламандык уюштуруу”, “бийликти басып алуу аракети” беренелери боюнча айып коюлуп жатат.

Количество просмотров: 352