• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Президент босого чекти түшүрүүнү колдойт. Кара түтүнгө каршы митинг уланды

20 Бирдин айы 2020 20:03 Бишкек Govori.TV

ӨКМӨТ МҮЧӨЛӨРҮ АНТ БЕРДИ
Жаңы вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев менен Акрам Мадумаров Жогорку Кеңештин 20-февралдагы жыйынында ант беришти. Президент Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө бир катар маанилүү маселелерге токтолуп, алдыда келе жаткан шайлоодогу босого чек тууралуу пикирин билдирди.

ДЕПУТАТ “КУМТӨРДӨГҮ” КЫРСЫКТАРГА КАБАТЫР
Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Максат Сабиров сөз сүйлөп жатып, Кумтөр кениндеги кырсыктарга байланыштуу депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Эл өкүлү кыска мезгил аралыгында эле «Кумтөр» алтын кенинде эки жолу авария болуп, үч адам өлгөнүн айтты.

“ОШЭЛЕКТРОНУН” КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ
2020-жылдын 19-февралында УКМК ККК тарабынан Ош шаарында жана Ош областында энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу багытында жүргүзүлгөн иш-чара учурунда Ноокат райондук электр станциясынын жооптуу кызматкери жана «Ошэлектро» ААК текшерүү жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору 50 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды.

КАРА ТҮТҮНГӨ КАРШЫ АКЦИЯ ӨТТҮ
ЗКТ; Бүгүн борбор калаадагы экологиялык кырдаалга байланыштуу Ак үйдүн алдында «Бишкек түтүн» аталышындагы көргөзмө-акция өттү. Иш чаранын максаты —бийликтен абанын сапаты боюнча улуттук стандарттарды сакташын талап кылуу

Количество просмотров: 119