• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Президент Казакстанга барат. Төрага Мадумаровго нааразы

11 Бугу 2023 19:19 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ КАЗАКСТАНГА БАРАТ

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2023-жылы расмий иш сапары менен Казакстанга барат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев билдирди.

Эскерте кетсек, 2021-жылы мартта КР президенти Казакстанга мамлекеттик сапар менен барган.

Эки өлкөнүн башчылары тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле биргелешкен кызматташуунун мындан аркы келечегин талкуулашкан.

ДЕПУТАТТАР БАШ МЫЙЗАМДЫН 30 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕДИ

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров,  Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Осконбаев, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер катышты.

Жыйында сөз сүйлөгөн Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин экс-төрагасы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, 1993-жылы биринчи Конституциянын кабыл алынышы кыргыз малекетинин тарыхында түбөлүк кала турган маанилүү окуя экенин белгиледи.

Ошондой эле жыйында ЖК депутаты Адахан Мадумаров да сөз сүйлөп, Баш мыйзамдын аткарылышы тууралуу өзүнүн сын пикирин айтты.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жыйын соңунда кайрадан сөз алып, депутат Мадумаровдун дарегине сын айтты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын эгемен тарыхындагы алгачкы Конституция 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Андан берки аралыкта бир нече жолу өзгөртүүгө дуушар болду. 2021-жылы 11-апрелде жалпы элдик добуш берүү менен кабыл алынган Баш мыйзам өлкөнү түп-тамыры менен президенттик башкарууга кайра кайтарып, саясий системаны баштапкы абалга алып келген.

ИЮНЬ ОКУЯСЫ БОЮНЧА СОТ

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча соттук отурум уланууда. Төрагалык кылган сот — Чыңгыз Бердимуратов.

Отурумга Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов алынып келинди.

Аталган иште шектүү катары өтүп жаткан мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаков Июнь окуясы боюнча кылмыш иш козгоо мыйзамсыз экенин айтты.

Белгилей кетсек, Июнь окуясы боюнча кылмыш иши тергелип, сотко өткөнүнө бир жылга чукулдап калды. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон Убактылуу өкмөттүн төрт мүчөсү шектүү катары өтүүдө.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 2021-жылы  жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын жарыялаган. Анда кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы башчысы, кооганын чыгышына күнөөлүүлөрдүн бири деп аталган маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган. Кылмыш ишине байланыштуу 20дай саясатчы сурак берген.

Мындан 13 жыл мурун жайында, апрель окуясынан көп өтпөй Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык жаңжал чыгып, анын кесепетинен 400дөн ашуун адам каза болгон.

АКТИВИСТ КАМАКТА КАЛДЫ

Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-майда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган блогер, активист Атай Бейшенбектин бөгөт чарасын карап, аны 20-июнга чейин абакта калтыруу тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Былтыр октябрдын этегинде Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер камалган.

Атай Бейшенбек да алар менен катар кармалып, абакка киргизилген.

Өткөн айда райондук сот Кемпир-Абад ишинен улам камакка алынган жети кишини үй камагына чыгарып, 15ин тергөө абагына калтырган. Башка төрт адам ага чейин үй камагына чыгарылган.

Ушул жылдын башында Атай Бейшенбекке Октябрь окуяларына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында айып коюлганы белгилүү болгон.

Октябрь окуяларына байланыштуу 25-январда Атай Бейшенбекке дагы бир нече кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

СОТ ЭШИМОВДУ КҮНӨӨЛҮ ДЕП ТАПТЫ

Жогорку Сот Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, ири өлчөмдөгү алдамчылыкка байланыштуу айып тагылган Акылбек Эшимовго карата чыккан Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

Эшимовду Биринчи май райондук соту «кылмыштын курамы жок» деген негизде былтыр апрелде актаган. 2022-жылы октябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин жокко чыгарган. Ага ылайык, Эшимов күнөөлүү деп табылып, үч жылдык мөөнөткө пробациялык жаза өтөө тууралуу өкүм чыгарган.

УКМК 2021-жылы сентябрда Эшимов Кылмыш кодексинин 204-беренеси («Ири өлчөмдөгү алдамчылык») менен шек саналып кармалганын билдирген. Атайын кызмат Эшимов «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери менен кошо 550 000 доллар алганы тууралуу арыз түшкөнүн маалымдаган. Акча 2020-жылы июнь айында парламенттик шайлоого катышуучу партиялык тизмеде алдыңкы беш орундун ичине кошуу убадасы менен алынганы, ал сөз ишке ашпай калгандан кийин анын 300 миң доллары гана ээсине кайтарылганы белгиленген.

2021-жылдын аягында парламентте Эшимов БШКдан кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы айтылган. Бирок көп өтпөй, 2022-жылдын башында кайра жумушка чыкканы, кызматтан кетүү арызын кайтарып алганы белгилүү болгон.

ПАКИСТАНДАГЫ КЫРДААЛГА БАЙЛАНЫШТУУ  ТИМ БИЛДИРҮҮ ТАРАТТЫ

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарды ички саясий кырдаалдын кескин курчушуна байланыштуу Пакистанга барбай турууга чакырды. Ал эми ал өлкөдө жашап жаткан кыргызстандыктарды кырдаал турукташканча коопсуздук чараларын көрүүгө үндөдү.
ТИМдин билдирүүсүндө, Пакистандагы окуялардан жабыркаган кыргызстандыктар тууралуу маалымат азырынча жок.
Кандайдыр бир зарылчылык болгон учурда жарандар Кыргызстандын Пакистандагы элчилигине телефон аркылуу  кайрыла алышат. 10-майда Пакистанда сот мурдагы өкмөт башчы Имран Ханга 2018-2022 жылдары өкмөттү башкарып турган маалда мамлекеттик белектерди мыйзамсыз сатып жиберген деген айып такты.
Аны 9-майда антикоррупциялык агенттиктин өкүлдөрү кармап кетишкен. Хан коррупция тууралуу буга чейинки дооматтарды да четке кагып келген.
Пенжаб провинциясында Хандын камоого каршы чыккан миңдей киши кармалды. Алар башаламандык уюштуруп, ондогон машинелер менен имараттарды өрттөп жиберишкен. Полиция менен Хандын тарапташтарынын кагылышуулары болгон үч аймакта өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Количество просмотров: 357