• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Президент Кемпир-Абад боюнча үн катты. Оппозиция бийликке талап койду

6 Тогуздун айы 2022 19:13 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ ҮН КАТТЫ

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстан чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы жана анын тегерегиндеги сөздөр боюнча үн катты. Жапаров Фейсбук баракчасына Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпир-Абад боюнча 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүп, плотинаны чогуу башкаруу келишимине келгенин жазды.

«Жакын арада келишимге кол коюлуп, парламенттен өтүп, келишим бузулгус болуп бекигенден кийин кайсы жерлер бизге өткөнү ачыкка чыгат. Жалпы эл чыдап күтө тургула. Негизинен талаш жерлер дээрлик 99 пайыз биз тарапка өттү. Кемпир-Абадды буга чейин толук Өзбекстан тарап көзөмөлдөп келсе, мындан ары 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүп, плотинаны чогуу башкарабыз деген келишимге келдик. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900 горизонтко түшүрдүк. Ошондо көлдүн жээгинен 1246 гектар жер бошоп, бизге өтүп жатат. Ал жерди ошол жерде жашаган элибиз түбөлүк айыл чарба багытына колдонот», — деп жазган Жапаров.

Президент этап-этабы менен тургундар менен жолугуп, жети саат бою алардын суроолоруна жооп берип, маалымат бергенин кошумчалаган. Ошондой эле ал сын айткандарга эскертүү берип, элди козутабыз дегендерге катуу чара көрүлө турганын белгилеген.

Ошол эле учурда Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын 50 чакты тургуну Кемпир-Абад маселесине байланыштуу бүгүн, 6-октябрда кайрадан чогулушту. Алар тийиштүү адистерди аймакка келип, Өзбекстанга берилди делген жерлерди көрсөтүп берүүсүн талап кылып жатышат.

ПАРЛАМЕНТТЕ ТАЛАШ ЖАРАЛДЫ

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңеште Тилек Текебаевди транспорт жана коммуникациялар министри, Алтынбек Максүтовдү маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, Уланбек Мамбетакуновду билим берүү жана илим министри, ал эми Таалайбек Ибраевди энергетика министри кызматына дайындоого макулдук берүүдө талаш жаралды. Жаңы министрлердин талапкерлигин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров эмес, президенттин өкүлү Алмазбек Абытов сунуштаганы депутаттардын нааразычылыгын жаратты.

Кесиптештеринин пикирин колдоого алган депутат Аида Исатбек кызы Акылбек Жапаров өзүнүн кызыкчылыгы болгондо гана Ак үйгө келе турганын айтып, сынга алды.

Ал арада сөз алган президенттин ЖКдагы өкүлү Алмасбек Абытов депутаттарга кайрылып, Конституция боюнча, талапкерлерди парламенттеги өкүл гана тааныштырарын, ага президенттин жазуу түрүндөгү буйругу бар экенин билдирди. Ошондой эле парламент министрликке талапкерлерге макулдугун бербей койсо президент жети күндөн кийин өзү эле дайындап коёрун эске салды.

Бирок “биз Баш мыйзамга таянышыбыз керек” деген депутат Дастан Жумабеков парламенттин макулдугусуз министрлер дайындалбай турганын белгиледи.

Депутаттар талаш-тартыштан кийин өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылып, төрт министрдин талапкерлигин карабай чыгарып жиберишкен.

Түшкү танапистен кийий депутаттар төрт министрлик кызматка сунушталган талапкерлердин маалыматын укмай болушту.  Бирок жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келген жок. Талапкерлерди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырды, ал эми талаперлер эл өкүлдөрүнун суроолоруна жооп беришти.

Эске салсак, Садыр Жапаров 3-октябрда төрт министрди кызматтан бошоткон. Президенттин басма сөз кызматы транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов берген арызына ылайык ээлеген кызматынан алынганын билдирген. Буга чейин билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев 28-сентябрдын кечинде пара алууга шек саналып, кармалган. Мурдагы энергетика министри Доскул Бекмурзаевге Башкы прокуратура «кызмат абалынан кыянат пайдаланууга» байланыштуу эки кылмыш ишин козгогон.

ОППОЗИЦИЯ ЖЫЙЫН КУРДУ

Бириккен Демократиялык кыймыл акыркы саясий окуяларды талдап, «Улуттук коопсуздукту жана аймактык бүтүндүктү камсыз кылуудагы мамлекеттик саясат» деген аталышта жыйынга чогулду.  Мурдагы коргоо министри жана коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы генерал-лейтенант Исмаил Исаков чек араны тактоо боюнча билдирүү жасап, тажик тараптын жер боюнча дооматы негизсиз жана суу кечпей турганын белгилөө менен өз сунуштарын берди.

“ЭЛДИК КӨЗӨМӨЛДҮН” ЖЕТЕКЧИСИ КАРМАЛДЫ

«Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин төрагасы жергиликтүү соттордун биринин төрагасынан акча талап кылып жаткан жеринен кармалды. УКМКнын маалыматы боюнча шектүү 3-октябрда пара талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында, 200  миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. “Ал кыймылдуу мүлктү сатып алууда жасалма карыз фактысы тууралуу маалыматты жашыргандыгы үчүн жергиликтүү соттордун төрагаларынын биринен 3600 доллар талап кылган. Кармалган адам бул маалыматты өлкөнүн жогорку жетекчилигине жеткирирерин жана массалык маалымат каражаттарына жарыялайм деп коркуткан”, — деп айтылат маалыматта.

УУЛАНГАН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ООРУКАНАГА ТҮШТҮ

Россиянын Санкт-Петербург шаарында 27 кыргызстандык ууланып ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен тастыкташты.  Маалыматка ылайык, алар Лахта-Борборунда курулуш иштерин жүргүзүү үчүн келишкен. “Прайдекс” иш берүүчү компаниясы кыргызстандыктарды жатаканага жайгаштырып, үч маал тамак менен камсыздаган.

“Кыргызстандык жарандар Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Алдын ала маалымат боюнча, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Роспотребнадзор тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, суу жана тамак үлгүлөрү алынган”, — деп белгилешти КР ТИМден. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги окуянын чоо-жайын тактоодо.

Количество просмотров: 480