• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Путин Жапаровду парадга чакырды. Таштанды талаасынын тагдыры чечилмей болду

25 Чын куран 2023 18:51 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ МОСКВАДАГЫ ПАРАДГА КАТЫШАТ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен ушул жылдын 8-майында расмий сапар менен Россияга барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын айтымында, алдыдагы сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров менен Россиянын Президенти Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалууда.

Өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат. Ошондой эле  Россия Федерациясынын башка расмий өкүлдөрү менен жолугушуулар пландаштырылууда”, — деп билдирди ал.

Ошондой эле Азымбакиев 2023-жылдын 9-майында Москва шаарында Мамлекет башчы Садыр Жапаров ардактуу конок катары Жеңиш парадына катыша туранын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин «Ведомости» басылмасы Орусиянын президенттик администрациясындагы өз булактарына таянып Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 9-майда Москвага бара турган жалгыз чет өлкөлүк лидер болушу мүмкүн экенин кабарлаган.

ТӨРАГА РОССИЯГА КЕТТИ

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россия Федерациясына расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Расмий сапардын алкагында Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен тар чөйрөдө жана кеңейтилген курамда жолугушат. Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Эльдар Сулайманов, Аида Исатбек кызы, Замирбек Мамасадыков, Эмилбек Джусупов, Фархат Исмаилов, Азамат Исираилов, Жалолидин Нурбаев жана Карим Ханджеза бар.

КАЙРА ШАЙЛОО: ЭКИ ТАЛАПКЕР АРЫЗЫН КАЙТАРЫП АЛДЫ

Эки талапкер № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча  ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө өз арыздарын чакыртып алышты. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер болуу үчүн арыз тапшыргандар 24-апрелге карата 26га жеткен болчу.

БШКга талапкерлигин добушка коюу жөнүндө арыз бергендердин арасында саясатчылар жана коомдук ишмерлер Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Ажыбек Касмалиев, Акин Токталиев жана башкалар бар.

Аталган округ боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү  27-апрелинде аяктайт. Ал эми шайлоо күнү президенттин Жарлыгы менен 28-майга дайындалган.

Кошумчалай кетсек, Ленин округунан шайланып келген ЖК депутаты Жаныбек Абиров кафедеги мушташтан улам депутаттык мандатын өз арызы менен тапшырып берген.

ЫШ МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ

Бүгүн, 25-апрелде Бишкекте «Ыш менен күрөшүү: экологиялык көйгөйдү чечүүнүн практикалык жолдору» аталышындагы тегерек стол өтүп жатат.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик органдарынын жана эксперттик коомчулуктун, өлкөдө иш жүргүзгөн чет өлкөлүк элчиликтер дин, эл аралык уюмдардын ошондой эле илимий жана изилдөө борборунун өкүлдөрү катышууда.

Жыйындын алкагында борбор калаада жана Чүй облусунда абанын булганышына байланыштуу кырдаалды жакшыртуу боюнча практикалык кадамдар, экологиялык тобокелдиктердин алдын алууга багытталган комплекстүү чараларды пландаштыруунун кийинки этабын ишке ашыруу жана жаңы өнөктөштөрдү, каржылоо булактарын издөө маселелери талкууланып жатат.

Жапаров ыш маселесин чечүү үчүн Бишкек шаардык ЖЭБин сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу, ошондой эле анын бардык чыпкасын техникалык аудиттен өткөрүү, калктуу конуштарды газдаштыруунун каржылык үлгүсүн иштеп чыгуу керектигин белгиледи.

Ал эми эколог, Кыргызстандын Жашыл альянсынын башкармалыгынын мүчөсү Анара Султангазиева сунуштар берилгени менен ал иш жүзүнө ашпай жатканын айтып кейиди. Ал белгилегендей сунуштардарды эле айтып койбостон ошну ишке ашыруу аракетин кылуу керек.

Белгилей кетсек, акыркы убакта жылытуу маалында Бишкек абасы кир аймактардын катарынан туруктуу орун алып калды. Кыргызстандын борбору дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын алдыңкы бештигине кирген. Буга чейин ПРООН Финляндиянын метеорологиялык институтуна таянып Бишкектеги абанын кирдешине курамында күкүртү көп көмүрдүн колдонулушу себеп экенин кабарлаган.

ТАШТАНДЫ ТАЛААСЫНДА АБАЛ КАНДАЙ?

Учурда эски таштанды таштоочу жайды рекультивациялоо жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Бишкектин вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев билдирди.

Анын айтымында, таштанды иргөөчү ишкана бир жарым жылда курулуп бүтөт.

Бишкек санитардык полигонунан чыккан түтүндү өчүрүүгө ыктыярчы топтор тартылган.

Ошол эле учурда жаңы таштанды полигонун куруу иштери жанданганы белгилүү болду. Жаңы полигон эскиден 500 метр алыс аралыкта жайгашып, аянты 12 гектар.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарына таштанды иштеткен заводду Чехиянын ReGreen s.r.o компаниясы кура турган болду. Завод курууга сарптала турган 45 млн долларды Чехиянын компаниясы бөлөт. Мэр Абдыкадыров салынган инвестиция 15 жылда өзүн актай турганын айтканы бар.

Таштанды талаасынын маселеси чечилбей келе жатканына дээрлик 9 жылдын жүзү болду. Полигон толугу менен 2019-жылы бүтүрүлүшү керек болчу. Деген менен куруу иштеринин мөөнөтү 3 жолу жылдырылып, 2022-жылга калтырылган.

 “КЫРГЫЗАВТОЖОЛДУН” КЫЗМАТ АДАМДАРЫНА ИШ КОЗГОЛДУ

Башкы прокуратура тарабынан “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Башкы прокуратуранын текшерүүсүнө ылайык, №32 Жол тейлөө ишканасына караштуу Жел-Арык битум базасына 2022-жылы жалпы кириштелген битумдун  300,6 тонна битум калдыгы белгисиз себептер менен жок кылынгандыгы аныкталган.

«Натыйжада, “Кыргызавтожол” МИ жана №32 ЖТИнин жооптуу кызмат адамдары кызмат абалдарынан кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, жеке пайда табуу аракеттеринин жыйынтыгында мамлекетке жалпы 17 млн. 333 миң сомдук зыян келтирилген. Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” жана (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 181