• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Күндүн ыргагы: “Раим миллиондун” жээни туулган күнүн “Хаятта” өткөрсө, карылар пенсиясына 300 сом кошулганына кубанууда

30 Аяк оона 2019 20:52 Бишкек Govori.TV

“Раим миллиондун” жээнинин туулган күн өткөрүүсү талкууга түштү
Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов 28-сентябрда Ош шаарында атайын иликтөө үчүн дрон менен видео тартып жүргөн учурунда белгисиз бирөөлөр кол салып, техникасын тартып алганын аталган маалымат каражаты жазган. Жабдууларды Матраимовдорго байланышы бар делген кишилер тартып алган.
Ал арада Раимбек Матраимовдордун жээни Бишкектеги кымбат баалуу Хайат аттуу мейманкананын 1 этажын толук ижарага алып туулган күн белгилегени тууралуу маалымат тарады.
«Райым-миллиондун» эжесинин кызы Назиктин 18 жашын белгилөө салтанаты кыргыз шоу чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөнү айтылган.
Бул маалымат коомчулуктун талкуусуна алынып, ар тараптуу пикирлер айтылууда.


Абылгазиев пенсияны жана мугалимдердин айлыгын көтөрүү тууралуу токтомго кол койду
Нарын шаарында Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөттүн өкүлдөрү эл менен жолугушкан. Анда жыйынга келген мугалим алардын айлык-акысы тууралуу кеп козгоп, маяна маселесин карап берүүнү өтүнүп, бийлик өкүлдөрүн такалагандай эле болгон. Мындан көп узабай, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев пенсияны жана мугалимдердин айлыгын көтөрүү тууралуу токтомго бүгүн, 30-сентябрда кол койду. Анын айтымында, айлыктын көтөрүлүшү билим берүү тармагында эмгектенген 5-6 категориядагы 120 миңге жакын адиске тиешелүү болот. Аларга бала бакча, мектеп жана интернат мугалимдери да кирет.

Количество просмотров: 565