• Ишенби 14 Бештин айы 2019

Күндүн ыргагы: Салыкты чогулта албаган салыкчылар кызматтан кетеби?

5 августа 2019 в 18:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.08.2019. Govori.TV

Мамлекеттик бажы кызматы кайрадан жаңы төрагалуу болду. Бир жылдан ашыгыраак иштеген  Алмаз Оңолбеков кызматтан кетти. Анын ордун Алтынбек Торутаев ээледи. Ал эми жакын арада  иштин көзүн билбеген салык кызматынын жетекчилери да иштен алынышы ыктымал.  Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик салык кызматынын алты айдын жыйынтыгына арналган жыйынында билдирди.