• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Күндүн ыргагы: Саясатчылардын ар-намысынын арзандашына фейктер күнөөлүбү?

3 Тогуздун айы 2019 20:58 Бишкек Govori.TV

Эл бийликтин, президенттин, депутаттардын расмий маалыматына ишенбей социалдык тармактагы фейктердин жалган билдирүүлөрүнө ишенип жатышат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев айтып чыгып, фейктер менен күрөшүү керектигин белгилеп керек болсо парламентке да чакыралы дегени бар.
Бүгүнкү күндө коомдо талкууга алынып жаткан фейктер маселеси боюнча эле өкүлдөрү да өз пикирлерин айтышты. Алсак Дастан Бекешов фейктер менен күрөшө албайбыз деген оюн билидирди.
Депутат Рыскелди Момбеков да сөз козгоп, фейктерге чек кою айланып келип эле адамдын эркиндигине, сөз эркиндигине жана ойлонуу эркиндигине чек коюлуп калуусу мүмкүн экенини айтты.
Ал эми ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстан дүйнөгө сөз эркиндиги менен гана мактана алат деген оюн ортого салды.
Ал арада Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Бешинчи каналды» сатыкка коюу жөнүндө демилге көтөрүп чыкты.

Количество просмотров: 69