• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Сот «Азаттыкты» жапты. Мадумаров өкмөттүн отставкасын талап кылды

27 Чын куран 2023 20:11 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ МАДУМАРОВДУ СЫНДАДЫ

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине  кезектеги кыскача маегин берип, сууну башка өлкөлөргө сатуу маселесине байланыштуу сөз кылды.

Ал сууну товар катары сатууга убакыт келерин айтып, буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров көтөргөн маселеге жооп берип, депутаттын дарегине карата сын айтты.

Жапаров сууну товар катары сатууга да убакыт келерин билдирип, азыр БУУда сууну товар катары кабыл алуу боюнча маселе каралып жатканын, кабыл алынса анан сатабыз деген пикирин айтты.  “Ал эми Мадумаровдун болсо тили эле сайрайт, колунан эч нерсе келбейт”, деген президент  “33 жылдан бери депутат болуп, чоң саясатта жүрөт. Ошончолук эле акылдуу болсо, сууну товар деп, аны сатуу боюнча бир барак мыйзам жазып киргизип койбойт беле. Ошончолук мекенчил экени чын болуп, элине, Мекенине күйсө, БУУга кайрылып көрбөйт беле», — деди.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков парламентте кошуна мамлекеттерге сууну ресурс катары сатуу демилгесин көтөргөн. Ал Кыргызстан кошуна мамлекеттерден газ, мунайзат жана башка ушул сыяктуу ресурстарды сатып алып жатканын белгилеп, суу да мамлекеттин рерусу экенин айткан. Ал эми Энергетика министрлиги учурда Дүйнөлүк банк суу пайдалануу үчүн акы төлөө маселесин көтөрүп жатканын, бул багытта атайын иштер жүргүзүлөрүн билдирген.

 “БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН” ӨКМӨТТҮ КЕТИРҮҮНҮ СУНУШТАДЫ

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы Министрлер кабинетинин курамын толугу менен кызматтан кетирүүнү сунуштады. Мындай чечимге өкмөттүн Баш мыйзамдагы 44-берененин 2-бөлүгүндөгү талаптарды аткарбаганы негиз болгон.

Сөз болгон беренеде “пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат” деп жазылган.

Министрлер кабинети ушул беренени чечмелеп берүү үчүн Конституциялык сотко кайрылганы Жогорку Кеңештин 16-февралдагы жыйынында белгилүү болгон. Депутат Адахан Мадумаров бул аракетти сынга алып, “пенсиялар, жөлөк пулдар эң төмөнкү керектелүүчү куржундан кем болбойт” деген Баш мыйзамдын талабын өкмөт сөзсүз аткарышы керектигин айткан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул боюнча жооп берип жатып, бул кайрылуу Конституциядагы 44-беренени туура чечмелөө үчүн берилгенин, бул ишти аталган сот гана аткарарын билдирген. Ал социалдык төлөмдөрдүн жашоо минимумуна жетпей жатканынын себебин өкмөттүн алына, экономикалык шартка байланыштырган.

Конституциялык сот 19-апрелде бул беренени чечмелеген чечим кабыл алды. Анда “пенсиянын, жөлөк пулдардын жана башка социалдык жардамдын көлөмү экономиканын абалынан жана мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн көз каранды экенин” белгилеп, жогорудагы берене “кынтыксыз аткарыла турган милдеттеме эмес” деп тапкан.

Кошумчалай кетсек, Улуттук статистика комитети 2023-жылдын биринчи кварталындагы базар бааларынын негизинде жашоо минимумун 7 миң 501 сом деп чыгарган.

СОТ “АЗАТТЫКТЫ” ЖАПТЫ

Бүгүн, 27-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык Медиа» мекемесинин ишмердигин токтотуу тууралуу арызын канаттандырды. Деген менен жактоочулар соттун чечими менен макул эмес.

Ал эми Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин бөлүм башчысы Бектур Ибрагимов төмөндөгүлөрдү билдирди.

 «ПолитКлиника» басылмасынын жетекчиси Дилбар Алимова кескин сындап, соттун чечимин эркин медиаларга басым катары бааласа болорун айтты.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы — “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга негиздеп жатат.

23-январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылган.

Доо арызында мекеме кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген.

«Азаттык Медиа» бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет.

КОМИТЕТ АКЫЙКАТЧЫНЫН КЫЗМАТТАН КЕТИРҮҮНҮ КОЛДОДУ

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан алуу боюнча «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын сунушун колдоду.

Комитет бүгүн кезексиз жыйын өткөрүп, чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Эми комитеттин чечими Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Жогорку Кеңеш 19-апрелдеги жыйынында өлкөдөгү адам укуктары менен эркиндиктеринин абалы боюнча акыйкатчынын бир жылдык баяндамасын уккан. Жыйында «Ата Журт Кыргызстан» фракциясы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү сунушун айтып, ал тармактык комитеттин кароосуна жөнөтүлгөн.

42 жаштагы Атыр Абдрахматова бул кызматка бир жыл мурда, 2022-жылы мартта шайланган.

ДЕПУТАТТАР КӨТӨРГӨН МАСЕЛЕЛЕР

Бүгүн, 27-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү.

Депутат Эмил Токтошев сөз сүйлөп, жыл башынан бери Орусиянын Роспотребнадзор ишканасы тарабынан Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларга бир тараптуу бөгөт коюу чаралары көбөйгөнүн сындады. Депутаттын айтымында, өндүрүмдөрдү Орусиядан башка да Кытай, Өзбекстан, Түркмөнстанга экспорт кылуу жолдорун издөө керек.

Жыйынында сөз алган депутат Жанар Акаев балдары орус абактарында отурган ата-энелердин кайрылганын билдирип, алардын көйгөйүн айтты. Депутат Бишкекте ондогон адам чогулганын, бийликтен жардам күтүп жатканын билдирди.

Ал эми депутат Кундузбек Сулайманов Токтогул районунда курулушу бүтпөй жаткан социалдык объектилер жана жолдор тууралуу сөз кылып, аталган жагдайга Министрлер кабинетин көңүл бурушу керектигин белгилесе, депутат Камила Талиева Баткен облусундагы мамлекеттик чек арага чектеш жашагандардын көйгөйүнө токтолду. Ал “Үйүңөрдө жашабай жатасыңар деген жүйө менен айрым жарандардын пенсиясы жана жөлөк пулу кыскартылып жатканын айтып, өкмөттү көңүл бурууга чакырды.

Количество просмотров: 185