• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Сынга калган ЖМК мыйзамын 2 комитет колдоду. Кызды зордуктоого аракет кылган жаран кармалды

30 Үчтүн айы 2024 18:38 Бишкек Govori.TV

ЖМК ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫ МЫЙЗАМ

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 30-январдагы жыйынында каралып, колдоо тапты. Ошол эле учурда бул мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүү сунушталды.

Ал эми депутат Алишер Эрбаев сунушталып жаткан мыйзам долбоорун сынга алды.

Буга чейин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында аталган мыйзам долбоору депутаттардын көпчүлүк добушу менен биринчи окууда кабыл алынган. Долбоорго депутаттар Тазабек Икрамов менен Бактыбек Чойбеков каршы добуш берди.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов жалган маалыматты ЖМКлар эмес фейктер таратып жатат деген пикирин айтып, сынга алды.

Эске салсак, Президенттин администрациясы сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору 2023-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган.

Документ сөз эркиндигин чектейт деген сын -дооматтан кийин 5-декабрда жумушчу топ түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген. Андан бери мыйзам долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгып администрация менен медиа коомчулук орток пикирге келген эмес.

Ал эми көз карандысыз юристтер, медиаэксперттер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып, бийликке коңгуроо кагышууда.

ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА ЖЕР ТИТИРЕДИ

Бүгүн саат 10:51де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,6 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды.

ӨКМдин маалыматы боюнча, жер титирөө Алай районунун Мурдаш, Сопу-Коргон айылдарында жана Кара-Суу районунун Тээке, Лаглан айылдарында 3 баллга (Тээке айылынан 8 чакырым түштүк чыгышта, Лаглан айылынан 13 чакырым түштүк чыгышта, Мурдаш айылынан 20 чакырым түндүк батышта, Сопу-Коргон айылынан 31 чакырым түндүк батышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Буга чейин Кытайдын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталганы маалымдалган. Кытайдагы жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылынан 45 чакырым түштүк-батышта, Ыштык айылынан 60 чакырым түштүктө, Каракол шаарынан 153 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Бедел айылында 5 баллга чейин сезилген.

БАЛЫКЧЫ ШИИБДИН МУРДАГЫ БАШЧЫСЫ 2 АЙГА КАМАЛДЫ

Балыкчыда 11 жаштагы кызды сүзүп кеткен деген шек менен кармалган Балыкчы шаардык милициясынын мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев 26-мартка чейин камакка алынды. Мындай чечимди 29-январда Каракол шаардык соту чыгарганын Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”, “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” жана “Коркунучта калтыруу” беренелери менен айып коюлду. Анын иниси Бекзат Казаков эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулду. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ишине тоскоолдук кылуу” беренеси менен кине тагылды.

26-январда түш ченде Балыкчы шаарында жол боюнда турган 5-класс окуучу кызды автоунаа коюп кетип, ал видеокамераларга түшүп калган. Бул окуядан кийин кыздын атасы Максатбек Байгазиев коомчулуктан жардам сурап, кызын сүзүп кеткен милиция кызматкери жоопкерчиликтен качып кетүүгө аракет кылып жатканын айткан.

Кырсыктан кийин Балыкчы шаарындагы аймактык тескөөчү, милициянын кызматкери Бекзат Казаков машинени ал айдап баратканын айтып, күнөөнү мойнуна аларын билдирген. Бирок жергиликтүү тургундар автоунааны ал эмес, анын агасы — Балыкчы шаардык милициясынын башчысы Бектур Осмонбаев айдап баратканын айтып, ал “окуя болгон жерден качып кетти” деп нааразы болушкан.

Милиция кызды сүзүп кеткен машине Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө тиешелүү автоунаа экенин ырастаган. Бул окуядан кийин ага-ини Бекзат Казаков менен Бектур Осмонбаев кызматтан алынган. Ишти УКМК тергеп жатат. Жабыркаган кыздын атасы Максатбек Байгазиев бул окуяга шек саналып жаткан Бектур Осмонбаев менен Бекзат Казаковго тосмо арыз жазып берди.

ЗОРДУКТООГО АРАКЕТ КЫЛГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Ош шаарындагы клубда админстратор кызды бычак менен коркутуп, зордуктоого аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү катары Чоң-Алай районунун 20 жаштагы жаран кармалган.

«27-январында саат 05:55 чамаларында Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндөгү караоке клубунда башка жарандардын жок экендигинен пайдаланып, жалгыз отурган администратор кызды бычак менен коркутуп, зордуктоого аракет жасаган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Ш. уулу И. ушул эле күнү түнкү саат 01:00 чамасында Ош шаарынын И.Раззаков көчөсүндөгү бильярд клубунун эшигин бузуп кирип, кассада турган 22 миң сом акчаны уурдап чыккандыгы аныкталды. Андан соң уурдаган акчасына тамактанып, алкоголдук ичимдиктерди ичип, түнкү караоке клубуна кылмыш жасоо үчүн барган», — деп айтылат маалыматта.

Ош шаардык соту тарабынан шектүүнүн баш коргоо чарасы кечээ, 29-январда каралып, 2 айга камакта калтырылды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Количество просмотров: 134