• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Тамашакөй Байсалов. Чечими бүдөмүк чек ара маселеси

1 Чын куран 2019 19:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.04.2019.Govori.TV.

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалды убагында жөнгө сала албай калды деген Баткен губернатору Абиш Халмурзаев кызматтан кетти. Кызматтан алуу себеби жымсалданып Абиш Халмурзаев башка кызматка которулганын айтышты. Бирок эмне кызмат экени так айтылган жок. Ал эми бул кызматка Илмияновго тиешелүү деген имиштери бар Акрам Мадумаров дайындалды.

Бүгүн 1-апрелде Мамлекеттик чек ара кызматы чек арада 300гө жакын фура жана жеңил унаалар өтө албай турганын кабарлашкан. Бул тууралуу кыргыз тарап да казак тарап колдон келишинче актанып жатышып акыры эки өлкө ортосунда сүйлөшүү иштери жүрүп жатканын кабарлашты.

Айрым маалымат каражаттарында коомдук активист Эдил Байсалов ТИМдин дипломатиялык Академиясынын ректору болуп дайындалды деген маалымат тарап коомчулуктун талкуусуна алынды. Бири калп десе, экинчиси чын деп талашка түшкөн бул маалыматты “Factcheck.kg” сайты изилдеп, бул маалымат жалган деген тыянакка келди. Кызыгы бул маалыматты алгач Эдил Байсалов өзү жазган.

Количество просмотров: 37