• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Күндүн ыргагы: Текебаев акталса, аны соттогондор не болот?

26 Баш оона 201920:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.08.2019.Govori.TV.

Курсан Асановдун жүрөгү ооруп дарыгерлердин көзөмөлүндө. Анын айдоочусу болсо Биринчи май райондук сотунун чечими менен 23-октябрга чейин №1 тергөө абагына калтырылды. «Ата-Мекен» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкүл Чотоновдун бөгөт чарасын Биринчи май райондук соту 29-августа карайт.

Садыр Жапаров каза болгон уулу Дастанды акыркы сапарга узатуу зыйнаты Ысык-Көл облусунун, Түп районунун Кең-Суу айылында 28-август күнү, саат 11:00 белгиленди. Ал эми камактагы мурунку депутат Садыр Жапаров каза болгон уулу Дастандын тажыясына кое берилеби азырынча белгисиз. Бул тууралуу Govori.TVга ЖАМКнын төрагасынын орун басары Таалайбек Нуралиев билдирди.

Количество просмотров: 52