Бишкек.29.08.2019.Govori.TV.
Мен эмес, Чотонов эмес, Болот Шер эмес. Жээнбеков тарыхый чечимдерге барды. Мындай пикирин сот залынан үй камагына чыккан Өмүрбек Текебаев тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып билдирди.
Айта кетсек, “Ата Мекен” партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.