• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: Туу мыйзамы күчүнө кирди. Депутат өкмөттү сындады

26 Бештин айы 2023 18:15 Бишкек Govori.TV

ТУУНУ ӨЗГӨРТҮҮ МЫЙЗАМЫ КҮЧҮНӨ КИРДИ

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документ күчүнө кирип, мыйзам 26-декабрда мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.

Ага ылайык, туу ортосуна күндүн кырк нуру түз чачыраган күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурч формасындагы кызыл кездемеден жасалат.

Желектин сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат. Алардын жарактуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн учурда, 1992-жылы кабыл алынган туу бар документтерди тиешелүү мамлекеттик орган алмаштыруу боюнча чечим кабыл алганга чейин колдонулат.

Министрлер кабинетине үч айда өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул мыйзамга ылайык келтирүү тапшырмасы берилди.

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз дароо кабыл алган. Ага президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга чыгарган. Анда документтин максаты «өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу» экени белгиленген. Бул демилге коомчулуктун нааразылыгын жаратып, эл тууну өзгөртүүгө негиз жок экенин айтып чыгышкан.

ӨЛКӨНҮН ТЫШКЫ КАРЫЗЫ

2023-жылдын 30-октябрына карата, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 590 миң долларды түздү. Бул 535 миллиард 972,58 миллион сом.
Финансы министрлигинин маалыматында, мунун ичинен 4 млрд 482,43 млн доллары (400 миллиард 370,38 миллион сом) — тышкы карыз. Ал эми 1 млрд 518,16 млн доллар (135 миллиард 602,2 миллион сом) — ички карыз.
Бир ай ичинде мамлекеттик карыз 13,58 млн долларга өстү. Тышкы карыз 4,15 млн долларга азайса, ички карыз 17,72 млн долларга көбөйдү.
Октябрь айынын жыйынтыгында мамлекеттик карыз ички дүң продукциянын 57,82% түздү.
Тышкы карыздын 38,1% же 1 млрд 705,85 млн доллар Кытайдын Эксимбанкына төлөнөт.
Кыргызстан 2023-жылы тышкы карыздын 360 млн долларын төлөгөнүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20-ноябрда Жогорку Кеңеште билдирген.

ДЕПУТАТ ӨКМӨТТҮ СЫНДАДЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Министрлер кабинетинин электр энергиясындагы тариф саясатын сындады. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун «байлар байлардай төлөйт» деген сөзүн «электр энергиясына баа көтөрүлөт» деп мүнөздөсө болот.

» Өкмөт электр энергиясына болгон тарифтерди көтөрөөрдөн мурун, алгач отуз жыл ичинде бул тармакка алынган 1 миллиард доллардан ашык кредит, гранттардын эффективдүүлүгүн жана кайсы багытка жумшалганын инвентаризация жасап, коррупцияга баткан чиновниктерди жазалаш керек эле. Байлар байдай эмес, ар бир жаран керектөөсүнө жараша төлөрүн жана тоолуу аймактар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет тарабынан субсидияланышы милдет экенин азыркы өкмөт так билиши керек», — деди Икрамов.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда колунда бар байларга электр энергиясынын тарифин көтөрүү керектигин айтты. Ал эми калктын аз камсыз болгон катмарына мамлекеттен колдоо улана берерин 22-декабрда билдирген.

АРДАКТУУ КАРООЛДУН КАБИНКАСЫ ОҢДОЛОТ

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы ардактуу кароолдун кабинасы реконструкцияланат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы тарабынан Ала-Тоо аянтында герб түшүрүлгөн ардактуу кароолдун кабинасын реконструкциялоо үчүн дизайн-долбоорго сынак жарыяланган.

«Бирок, катышуучулардын эмгектеринин сунушталган варианттары талаптарга жана эстетикалык дизайнга жооп берген жок. Буга байланыштуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасында ыкчам тартипте Ала-Тоо аянтындагы ардактуу кароол үчүн жылытуу шарттары бар кабинанын жаңы дизайны иштелип чыкты»,-деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясына КР Мамлекеттик гербинин авторлорунун бири Садырбек Дубанаев гербди жана ардактуу кароол үчүн кабинаны жаңылоо өтүнүчү менен кайрылган. Кайрылууда кабинанын эскиргендиги жана гербдин сүрөтү өчүп жаткандыгы белгиленген.

ЖАҢЫ ЖЫЛДА 7 КҮНДҮК ЭС АЛУУ БОЛОТ

Кыргызстандын Министрлер кабинети Жаңы жыл, Нооруз жана Май айындагы майрамдардагы эс алуу күндөрүн жылдыруу боюнча токтом кабыл алды.

Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар үчүн 1-январдан 7-январга чейин эс алуу деп жарыяланды. Ортодогу беш иш күнү түрдүү дем алыш күндөрүнө алмаштырылды:

2-январдагы иш күнү үчүн 8-январдагы дем алыш күнү иш болот. 3-январь — 27-январь ишембиге;
4-январь — 2-март ишембиге; 5-январь — 2-сентябрь ишембиге жылдырылды.
Министрлер кабинетинин токтому менен Нооруз майрамын майрамдоодо 4 күндүк эс алуу болот. 22-март — жума 8-апрелге жылдырылат.
Май майрамдары учурунда 2-май 6-май ишембиге; 3-май 11-май ишемби күнгө жылдырылат.

Кыргызстандын Эмгек кодексине ылайык, майрам күнү дем алыш күндөргө туш келсе, кийинки иш күнү дем алыш болот.

Количество просмотров: 158