• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: УКМК «24.kg» сайтына иш козгоду. ЖМК мыйзамы ЖК комитетинде колдоо тапкан жок

15 Үчтүн айы 2024 19:03 Бишкек Govori.TV

КОМИТЕТТЕ “ЖМК МЫЙЗАМЫ” КҮН ТАРТИБИНЕН АЛЫНДЫ

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору каралды.

Аталган мыйзам долбоорунун концепциясы парламент тарабынан колдоо тапкан жок.

Ал эми Маданият, маалымат, cпорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу күн тартибинен алынган мыйзам долбоору боюнча мындан аркы кадамдар тууралуу айтып берди.

Эске салсак, президенттин администрациясы сунуштаган жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) тууралуу жаңы мыйзам долбоору 2023-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган.

Президенттин администрациясы 2022-жылы сентябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” долбоорду коомдук талкууга чыгарган. Документ сөз эркиндигин чектейт деген сын -дооматтан кийин 5-декабрда жумушчу топ түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.

Андан бери мыйзам долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгып администрация менен медиа коомчулук орток пикирге келген эмес.

Документте веб-сайттар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаты болуп катталууга тийиш деген талап коюлган. Бул сунуш ача-пикир жаратууда. Андан тышкары 18ге чыга элек жаран, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган адамдар жана юридикалык мекемелер, ошондой эле чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адамдар Кыргызстанда ЖМК ачып иштете албай турганы жазылган.

“Адилет” укуктук клиникасынын юристтери аталган мыйзам долбоорунда адам укугун жана эркиндигин чектеген олуттуу алешемдиктер, тобокелдиктер бар экенин белгилеп келет.

24.KG АГЕНТТИГИ ТИНТҮҮГӨ АЛЫНДЫ

Бүгүн УКМК кызматкерлери Бишкекте 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесин тинтүүгө алып, имаратка мөөр басып, компьютер процессорлорун алып кетишкен.

 Ошондой эле УКМК кызматкерлери басылманын башкы директору Асел Оторбаева менен редактору Махинур Ниязованы кошо сурак берүүгө алып кетишкен.

Мындан соң атайы кызмат расмий маалымат таратып, 15-январда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмыш иши козголгонун маалымдады.«КР Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси («согушту пропагандалоо») боюнча кылмыш иши козголуп, «24.kg» маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүү учурунда компьютерлер, ноутбуктар, электрондук алып жүрүүчүлөр, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынган», — деп жазылат маалыматта.

Ал эми УКМКнын имаратынын алдына журналисттер жана укук коргоочулар чогулду.

24.kg – Кыргызстанда интернет тармагында гана иш алып барган көз карандысыз медиа. Ал 2006-жылы Юстиция министрлигинен маалымат агенттиги катары каттоодон өткөн.

ҮЧ АДАМДЫН ӨЛТҮРҮЛҮШҮ

Бүгүн, 15-январда Бишкек шаардык сотунда үч адамды өлтүргөн деген шек менен өмүрүнүн акырына чейин соттолгон Чынтемир Аширалиевдин ишин кароону улантты.

Соттук отурумда соттолуучунун адвокаты “сот коомчулуктун басымы менен гана акыйкатсыз өкүм чыгарып койгонун” айтты. Чынтемир Аширалиев окуя болгон күн эсинде жок экенин кайталап, “бирок балдарды ал өлтүрбөгөнүн” айтып, жазасын жеңилдетүүнү өтүндү.

Ашыралиев Бишкек шаардык сотуна райондук соттун өкүмүнө нааразы болуп, жактоочусу апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. 

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкекте 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Кылмыш иши тергелип бүтүп, июнь айында сотко өткөн.

Октябрь райондук соту 3-ноябрда аны күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Ашыралиев УКМКда 15 жыл иштеген. 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин койгон.

2 ЖАШАР БАЛАНЫН ӨЛҮМҮ

Бишкектеги №3 балдар ооруканасындагы 2 жаштагы наристенин өлүмү боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан кабарлашкан.

Ал эми №3 Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акыл Маманов окуя тууралуу маалымат берип, баланы ооруканага алып келген учурду айтып берди.

Милициянын маалыматына караганда, 13-январь күнү Октябрь РИИБге М.А. аттуу жаран арызы менен кайлырып, борбор калаадагы ооруканаларынын биринин медициналык кызматкерлерге чара көрүүнү өтүнгөн. Анда өзүнүн кесиптик милдеттерин туура эмес аткаргандыгына байланыштуу 2021-жылы туулган К.А. аттуу баласынын өлүмүнө алып келгени жазылган.

Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин маалыматардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган, бардык экспертизалар дайындалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 108