• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: «Уурдады, бирок төлөдү». Матраимовду колдогондор митингге чыгып баштады

19 Бирдин айы 2021 19:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Республикалык штаб 19-февралда Кыргызстанда коронавирустун 83 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 58 бейтап айыкты — алардын ичинде сегиз медик бар. Мындан сырткары илдеттен Бишкек шаарында үч киши көз жумду.

ЖАПАРОВ КАЙЧЫЛАШ  ЖЫЛЫН УЛАНТУУНУ СУНУШТАЙТ

Президент Садыр Жапаровдун «Слово Кыргызстана» гезитинин 19-февралдагы санына «Өнөктөштүк байланыш» аттуу макаласы жарыяланды. Анда ал Кыргызстан менен Орусиянын элин бириктирген орток баалуулуктар, орус тилинин Кыргызстандагы ролу, эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгы тууралуу ойлорун жазган. Орусия менен Кыргызстандын 19-кылымдан берки ымаласына саресеп салып, орус тили кыргызстандыктар үчүн замабап маданият, адабиятты үйрөнүүдө кубаттуу курал экенин баса белгиледи.

«РАЙЫМ МИЛЛИОН «КАЙРА КАРМАЛДЫ

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Германиядан учуп келген күнү кечинде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу кайра кармалды. Анын бөгөт чарас качан каралат?

МАТРАИМОВДУН ТАРАПТАШТАРЫ МИТИНГГЕ ЧЫКТЫ

19-февралда Бишкек шаарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башкы имаратынын алдында мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун ондогон тарапташтары чогулду. Журналист Элнура Алканова, депутат Таабалды Тиллаев, коомдук ишмер Шайлообек Атазов баштаган адамдар Матраимов 2 айга камалышы мүмкүн деген маалымат тарап жатканын билдиришип, бажычыны бошотууну талап кылышты.

ОШ ЖЭБИНДЕ КОРРУПЦИЯЛЫК СХЕМА АНЫКТАЛДЫ

Ош жылуулук электр борборундагы коррупциялык схеманы аныкталып, УКМК Ош шаарындагы ЖЭБге коммерциялык кыймылсыз мүлк объектилерин мыйзамсыз кошуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөдө.

УКТ МҮЧӨЛӨРҮН ШАЙЛООГО КАТЫШТЫРБОО СУНУШУ

Ички иштер министрлиги уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө президенттикке жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууга тыюу салууну сунуштады. Министрлик «Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү-толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

ӨЗ ӨМҮРҮНӨ КОЛ САЛГАН ЖАРАН

Бүгүн, 19-февралда саат 10:00 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Ак-Ордо конушундагы чоң чуңкурда адам жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жөнөтүлгөн.

Количество просмотров: 943