• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Күндүн ыргагы: Вируска чалдыккандар 111. Өзгөчө абалда өкмөттө кайрадан алмашуу…

1 Чын куран 202022:35 Бишкек Govori.TV

ВИРУС ЖУКТУРГАНДАР 111ГЕ ЖЕТТИ
Кыргызстанда коронавирусту дагы 4 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов маалымдады.

ӨКМӨТТӨГҮ КАДР АЛМАШУУ
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтан бошотулду. Буга байланышкан жарлыкты президент Сооронбай Жээнбеков 1-апрелде чыгарды.

ЖК КЕЗЕКСИЗ ЖЫЙЫНГА ЧОГУЛДУ
Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 1-апрелде кезексиз жыйынга чогулушту. Жыйында күтүүсүз кырдаалга байланыштуу социалдык-экономикалык абалды турукташтыруу боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоор каралды.

Количество просмотров: 714