• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жаңы Конституцияга каршы кол топтолууда. Кыргызстандын аталышын өзгөртүү сунушталды

23 Жетинин айы 2020 17:58 Бишкек Govori.TV

ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ: ЮРИСТТЕР ЭМНЕ ДЕЙТ?

Бүгүн, 23-ноябрда юристтердин тобу брифинг өткөрүп, референдум өткөрүү жана Конституцияны өзгөртүү тууралуу документти кабыл алууда кандай мыйзамдар бузулганын талдап беришти.
ӨЛКӨНҮН АТАЛЫШЫН ӨЗГӨРТҮҮ СУНУШТАЛДЫ
Конституциялык кеңешменин мүчөсү Кадыр Кошалиев бүгүн, 23-ноябрдагы жыйында Кыргыз Республикасынын аталышын өзгөртүүнү сунуштады. Кошалиев өлкөнүн атына “эл” деген сөздү киргизүү керектигин, бул бийликке элден чыккан адамдар келет деген ойду айтты.

ДАГЫ 2 ТАЛАПКЕР АРЫЗЫН АРТКА АЛДЫ

Дагы эки талапкер президенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, 20-ноябрь күнү Орозобек Мадинов арыз менен кайрылгып, президенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин кайтарып берүүнү суранган. Ошондой эле 21-ноябрь күнү мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов да документтерин кайтарып алган.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 23-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен алты адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, экөө Чүй облусунун жана калган экөө Талас жана Ош облустарынын тургундары болчу. Жалпысынан көз жумгандар 1237 адамга жетти.

6 ЖАШТАГЫ БАЛА САБАЛДЫ

Сокулук районунда алты жаштагы баланын сабады деген шек менен өгөй атасы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Белгиленгендей, 18-ноябрда Бишкек шаарынын Октябр РИИБне Чүй облусунун Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну кайрылган. Ал өзүнүн күйөөсү 33 жаштагы жаранга карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 17-18-ноябрга караган түнү, 6 жашар баласын эч кандай себепсиз эле сабап салган.

ЧЕТ ЭЛДИК ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Кыргызстандын аймагынан 5 ителгини алып чыгууга араке кылган адам “Манас” аэропортунан кармалды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, окуя 22-ноябрь күнү таңкы саат 05.30да чамасында катталган. Аэропортунун жүк ташуучу терминалдан кармалган шектүү 25 жаштагы чет өлкөлүк жаран болгон.

Количество просмотров: 440