• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте 3 жашар кыз унаа сүзүп кетип, каза болду

22 Тогуздун айы 202513:20 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги соода борборлордун жанынан айдоочу үч жашар кызды сүзүп кеткен.

Бишкек ШИИБдин Кайгуул кызматынын маалыматына караганда, окуя 20-октябрында саат 18:40 чамасында “Азия Мол” соода борборунун жанында болгон.

«Айдоочу 1986-ж.т. Б.А.Т. «GMC ACADIA» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып, Бишкек шаарынын Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан “Азия Мол” соода борборунун жанынан, тагыраак айтканда Ч.Айтматов-Алтымышев көчөлөрдүн кесилишинде күн батыш багытта бара жатып 2022-жылы туулган С.А.ны, сүзүп жол-транспорт кырсыгын жасаган. Натыйжада 2022-ж.т. С.А. алган жаракаттарынан улам каза тапкан», — деп жазылат маалыматта.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу кылмышка шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Количество просмотров: 181