• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жапаровдун тарапташтары камалды. Тыныбековага батир белекке берилдиби же убактылуубу?

5 Жалган куран 2020 18:22 Бишкек Govori.TV

БҮГҮН АК КАЛПАК КҮНҮ
Бүгүн, 5-март Кыргызстанда Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленет. Бул күнү өлкөнүн бардык аймактарында Ак калпакты даңазалаган ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт.

ОСМОНАЛИЕВ КАМАКТА КАЛДЫ
Түрмөдөгү саясатчы Садыр Жапаровду коргоо кыймылынын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө жайына камалды.

КОРОНАВИРУСКА КАРШЫ АРАКЕТТЕР
Аба компаниялар менен сырттан келген жүргүнчүлөрдү учактын ичинен эле текшерип чыгаруу маселеси макулдашылды.

МУФТИЙ КАЧАН ШАЙЛАНАТ?
Кыргызстандын муфтияты быйыл боло турган мусулмандардын курултайынын мөөнөтүн жылдырып жатат.

ТЫНЫБЕКОВАНЫН БАТИРИ ТАЛКУУДА
Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованын батири кызматтык эмес. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Количество просмотров: 367