• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Күндүн ыргагы: Жапаровго депутаттар кат жолдошту. «Маратик» алдамчылыкка шектелип кармалды

9 Аяк оона 2022 18:00 Бишкек Govori.TV

ДЕПУТАТТАР ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛЫШТЫ

Бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин «Элдик» тобу менен «Альянс» фракциясы биргелешкен жыйын өтүп, анда мигранттардын маселеси тууралуу маалымат угулду. Бирок, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин жыйынга келбегени эл өкүлдөрүн нааразы кылды.

Кесиптешинин пикирин колодоого алган депутат Тазабек Икрамов бүгүнкү жыйынга Эдил Байсалов менен министр Базарбаевдин келбей койгонун саботаж деп баалады.

Жыйындын соңу менен Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевди кызматынан бошотуу сунушу президентке жолдонду. «Элдик» депутаттык тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев соңку кезде аты аталган жетекчилердин дарегине сын пикирлер арбын болуп жатканын белгиледи.

Расмий маалымат боюнча, Орусияда Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны эмгек мигранты болуп жүрөт. Бул өлкөдө 3-сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин жана жашаган жери боюнча миграциялык каттоосун талап кылган эреже күчүнө кирди. Мындан улам паспортуна “кирди-чыкты” белгисин койдуруу үчүн мигранттар Казакстан менен Орусиянын чек арасына агылууда. Парламентте 1-сентябрда кыргыз мигранттарынын абалын жеңилдетүү үчүн Мамлекеттик Думага кайрылуу демилгеси көтөрүлгөн. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

МОСКВАДА МИНИСТРЛИКТИН ӨКҮЛЧҮЛҮГҮ ИШТЕЙТ

Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү кайрадан иштей баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясы жана «Элдик» депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында эмгек, социалдык өнүртүрүү жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди. Анын айтымында, тиешелүү буйрукка кол коюлуп, аталган орган кийинки аптадан тарта иштей баштайт.

«Москвадагы өкүлчүлүк 11 кызматкерден турат. Аны кайрадан түзүү боюнча чечимге эки-үч күн мурда кол коюлду. Министр Кудайберген Базарбаев анын жетекчисин дайындап, 11-сентябрдагы Москвага сапарында бирге ала кетет», — деди ал.

Буга чейин Орусиядагы мигранттар Миграция министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жабылып калганына нааразылык билдирип келишкен.

ЭКСТРАДИЦИЯ МАСЕЛЕСИ

Башкы прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу башкармалыгынын прокурору Назарбек Кенжеев, кыргыз жарандары чет өлкөдө сот жообуна тартылып, камалып кеткен учурда жазасын кыргызстанда өтөө кандай жолдор аркылуу ишке ашарын айтып берди. Ал билдиргендей кесилип кеткен жаранга прокуратура тарабынан жеринен жардам көрсөтүү мүмкүн эмес. А бирок, соттолгон жарандын мыйзамдуу өкүлү башкы прокуратурага кайрылса болот.

ДҮЙШЕМБИЕВГЕ ӨКҮМ ЧЫККАН ЖОК

Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшембиевдин иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн 9-сентябрга белгиленген отурум болгон жок. Ишти карап жаткан судья кийинки отурумду 21-сентябрга белгиледи. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет быйыл 3-мартта Next TV телеканалына каршы «Улут аралык кастыкты козутуу» деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган. Соттун алгачкы отуруму 21-июлда өткөн. Анда Дүйшөмбиев коюлуп жаткан айыпты моюнуна албай турганын айткан.

АЛДАМЧЫЛЫККА ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

«Азия Микс» КВН командасынын мүчөсү, Маратик каймана аты менен таанымал Марат Жуманалиев кармалды. Маалыматты укук коргоо органдары тастыкташты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиргендей, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде («Алдамчылык») каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР эки жараны кармалды. Алар жеке кызыкчылыгын көздөп, жеке баюу максатында “Спекулант” ЖЧКсынын башкы директору, Россиянын жаранынын ишенимине кирип, анын маселелерин укук коргоо органдарында чечүүгө көмөктөшүүнү убада кылып, чет элдик валютадагы ири суммадагы акча каражатын алышкан.

ТЕЛЕФОНГО ТЫЮУ САЛУУ СУНУШТАЛДЫ

Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу 14 жашка чейинки балдарга телефон колдонууга мыйзамдуу түрдө тыюу салууну сунуштады. Депутаттын айтымында телефон жаш балдарга жаман таасир этип жатат.

Количество просмотров: 2410